Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

11:55 К. Байболов: Кыргызстанда жакында бирдиктүү оппозиция, бир лидер жана цивилизациялуу күрөш болушу күмөн


Мындай пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана ишкер Кубатбек Байболов билдирди. Мунун бир себебин ал криминалдын, анын ичинде примитивдүү саясатчы-демагогдордун басымдуулук кылып тургандыгы менен байланыштырган. Байболов өзүнүн саясаттан четтешин да дал ушул себеп менен түшүндүргөн. Оппозициянын ана башында турган саясатчылардын бири Кубатбек Байболов ал ээлик кылган “Оберон” фирмасынын кеңсеси Каржы полициясы тарабынан 2008-жылдын 15-январында тинтүүгө алынгандан кийин саясаттан кеткендигин жарыя кылган. Фирмага каржы полициясы 2005-жылы 1 млн. 200 миң сомду салыктан жашырган деген күнөө койгон.(BuS)

XS
SM
MD
LG