Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

А. ЖОРОБЕКОВ: БОРБОР АЗИЯ ЖАШТАРЫНЫН ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕРИ КОЗГОЛОТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Бүгүн Ысык-Көлдө Борбор Азия жаштарынын беш күндүк жыйыны башталганы турат. Аталган форумда Үч коңшу мамлекет жаштарынын кызматташуу жаатында талкуулар күтүлүүдө. Жыйынды уюштуруп жаткан “Кыргыз өкмөтүнүн спорт жаштар иштери жана балдарды коргоо” агенттигинин алдындагы жаштар департаментинин башчысы Айдар Жоробеков “Азаттыктын” түз обосунда маек курган.

“Aзаттык”: - Алгач бул жыйындын уюштурулушу, максаты тууралуу айтсаңыз?

А. Жоробеков: - Негизинен бул жаштардын форуму. Биздин президентибиздин жарлыгынын ылайык “Кыргызстан жаштары” улуттук программасынын алкагында өткөрүлүп жатат. Бул иш-чара “Социалдык кызматташуу жаштардын өнүгүүсүнүн негизи” деген ураан менен өткөрүлүп жатат. Тактап айтканда, Казакстан, Тажикстандын жаш лидерлери, мамлекеттик кызматкерлери, парламент мүчөлөрү катышкан форуму болуп жатат.

“Aзаттык”: - -Жыйында негизинен кайсы маселелер каралмакчы?

А. Жоробеков: - Үч коңшу мамлекеттин ортосундагы жаштардын жалпы көйгөйлүү маселери менен катар эле кызматташууну бекемдөө. Тактап айтканда, бул социалдык педагогика, социалдык кооптуу ооруларды профилактика кылуу, алгылыктуу тажрыйбалар менен кеңири пикир, тажрыйба алмашуу. Жыйынтыгында алдыбызга чогуу кызматташуу протоколуна кол койсок деген пландарды коюп жатабыз.

“Aзаттык”: - Борбор Азия жаштарынын кызматташтыгы дегеле бири-бири менен болгон алака- катышы тууралуу эмне айта аласыз?

А. Жоробеков: - Тактап айтканда, мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча макулдашуулар буга чуйин деле бар эле. Бирок тилекке каршы, көптөгөн жылдар бою аткарылбай келген. Бир четинен алганда саясий бир эрктин жоктугунан. Экинчи четинен алганда каражаттын жоктугунан. Бирок акыркы эки жылда кызматташууну активдештирүүнүн тенденциясы байкалууда. Анткени Казакстан, Тажикстан тарабынан биздин коллегалар, партнерлер аябай ар тараптуу демилгелерди көтөрүп, бири-бирибизди колдоого ээ болуп жатат. Маселен, октябрь айында боло турган жаш лидерлердин жолугушуусу жана Чыңгыз Айтматов боюнча КМШ мамлекеттери ичинде өткөрүлчү чыгармачылык конкурстун биринчи этабы. Бул биздин тыгыз кызматташуубуздун бир негиздүү далилдери болуп жатат. Чыңгыз Айтматовго арналган чыгармачылык конкурстун экинчи этабын КМШ мамлекет башчыларынын саммитине карата өткөрсөк деп турабыз. Анда бир мамлекеттен жеңүүчүлөр Кыргызстанга чакырылат.

“Aзаттык”: - Ушул жыйынга Борбор Азиядагы үч өлкөдөн башка өлкөлөрдүн жаштары эмне үчүн катышкан жок?

А. Жоробеков: - Биз бардык мамлекеттердин өкүлдөрүнө маалымат жөнөттүк. Азыркы кезде негизинен мамлекеттер аралык кызматташуу болуп жаткандыктан Борбор Азия менен эле чектелбестен мисалы, Арменияда биздин коллегалар башка бир чыгармачылык фестиваль өткөрүп жатышат. Ошондой эле Орусияда болуп жаткан эл аралык форумдарга катышып жатышат.

“Aзаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG