Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

17:10 Ат-Башы районундагы орто мектептин окуучулары сабакты чатырларда башташат


Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылындагы Искендеров атындагы орто мектебинде жаңы окуу чатарларда жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай маалымат жер-жерлерде жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгын иликтеген, атайын тутумдук курамдагы ысмын айтуудан айбыккан мүчөсүнөн алынды. 1942-жылы салынган мектептин мурунку окуу корпустары 2005-жылдан тарта асты кулай баштаган экен. Натыйжада өткөн жылдан бери жаңы мектеп курууга өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, курулуш жүрүүдө. Бирок зарыл болгон 6 млн. сом чечилбей жаткандыгы себеп. Ат-Башы районунун акиминин орунбасары Гүлдөсүн Мусакеева мындай маалыматты бышыктады. Анын айтымында акча каражат чечилсе жаңы мектеп ноябрь айында пайдаланууга берилет. (KUs)

XS
SM
MD
LG