Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

ОРУСИЯ УБАДАСЫНДА ТУРУП, АСКЕРЛЕРИН ГРУЗИЯДАН ЧЫГАРА БАШТАЙБЫ?


Амирбек Усманов, Прага Эл аралык коомчулук бүгүн Орусия өз аскерлерин Грузиянын аймагынан чыгарып кетишин күтүүдө. Москва аскерлер качан толук чыгарылаарын так айткан эмес. Грузия президенти Михаил Саакашвили дүйшөмбү күнкү теле кайрылуусунда Москва жана Тбилиси болочокто жаңы кагылышууларды болтурбоонун чарасын көрүүсү шарт экенин белгиледи. Ал эми Түштүк Осетиянын жикчил лидери Кокойты Орусиядан аскерий базасын аймакта калтырууну сураарын билдирди.

Жекшемби күнү президент Медведев 18-августан тартып орусиялык аскерлер Грузиядан чыгарылсын деп буйруган. Бирок бүгүн түшкө чейин орус аскерлеринин басып алган жерлеринен чыкканы байкалбады. Орусиялык аскерлер жана танктар Грузиянын көпчүлүк бөлүгүн контролдоп, өлкөнүн Чыгышын жана Батышын бириктирген кан жолду дале бууп турат.

Президент Саакашвили согуштун алгачкы күндөрү орустарды «XXI кылымдын варварлары» деп атап, орусиялык аскерлер Грузияга «этникалык тазалоо» жүргүзүү үчүн киргизилди деген эле. Саакашвили бүгүнкү теле кайрылуусунда баштагыдай курчтугунан жазып, Москванын аны менен сүйлөшүүнү каалабасын кайра- кайра айтканына карабастан, Орусияны өз ара сүйлөшүүгө чакырды:

-Мен силерге кайрылам жана Орусиянын баскынчы күчтөрүн Грузиянын аймагынан токтоосуз чыгарып кетүүнү талап кылам. Силердин куралдуу күчтөрүңөр Грузиянын аймагынан чыгып кеткенден кийин келечекте эки өлкө арасында мамиле куруунун жолдору боюнча сүйлөшүүнү терең ойлонууга жана талкуулоого чакырам. Бирок бүгүн баскынчылык токтошу шарт.

Грузин лидери кечээ күнү Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Тбилисиде жолуккандан кийин жумшак сүйлөп калганына байкоочулар көңүл бурушту. Көпчүлүк талдоочулар үчүн Меркел айымдын Грузиянын НАТОго кошулуу ыкласын ачык колдогону күтүүсүз жаңылык болду. Москва мындай планга башынан каршы. Москва атүгүл НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Скеффер орусиялык аскерлердин Грузияга кирүүсү «ашыкча иш болду» дегенден кийин Брюссель менен болгон мамилесин кайра карап көрмөк болууда.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматаштык уюму бүгүнкү атайын жыйынында Грузияга кошумча 100 байкоочу жиберүү маселесин талкуулайт. Өткөн жумада жетишилген мунаса боюнча куралсыз байкоочуларга Грузия- Орусия арасындагы ок атышпоо жөнүндөгү келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө вазийпасы жүктөлөт.

Түштүк Осетиянын жикчил лидери Эдуард Кокойтынын «Рейтерс» агенттигине бүгүн айтышынча, чөлкөмгө эч кандай эл аралык байкоочулар киргизилбейт жана ал Орусиядан аскерий базасын Түштүк Осетияга жайгаштырууну сурайт.

Кокойтынын бул сөзүнө караганда, Түштүк Осетиянын жана өзүн Грузиядан күнкорсуз деп жарыялаган Абхазиянын болочок статусу боюнча Москва менен Тбилисинин талашы али көпкө созулат сыяктуу.

XS
SM
MD
LG