Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

КАДЫРБЕКОВДУ КАЛКАЛОО КАМПАНИЯСЫ УЛАНУУДА


Коммунисттер партиясы бүгүн беш айга чукул убакыттан бери камакта отурган Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган атайын кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда ошондой эле Нарын шаарында ачкачылык акциясына чыгышкан И.Кадырбековдун тарапкерлеринин саламаттыгына тынчсыздануулар жана облустук бийликтин буга кош көңүл мамиле жасап жатканы да айтылат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү акциянын катышуучулары ар дайым көзөмөлдө турганын айтышса, ачкачылык жарыялап отургандар абалдары күн сайын оорлоп баратканын, ага карабай бийликтен жооп болмоюн ачка отура берерин айтышууда.

Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен кармалган Архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси И.Кадырбековду Каржы полициясы ушул эле жылдын 25-апрелинде камакка алган. И.Кадырбековдун өзү камалышын саясий чечим катары эсептээрин айтканы менен Каржы полициясы анын күнөөсүн далилдеген фактылар бар экендигин билдиришкен. Иш созулуп отуруп беш айга чукулдап калган чакта, атайын түзүлгөн И.Кадырбековду коргоо комитетинин мүчөлөрү Нарын шаарында ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Ал эми бүгүн Коммунисттер партиясы камактагы И.Кадырбеков тууралуу атайын кайрылуу кабыл алышты. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлжамал Султаналиева кайрылуунун мазмунун төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Буга чейин 11 депутат кайрылып, 2 депутат жеке өзүлөрү кепил болушкан эле. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин ал киши камалып турат. Беш айга жакындап калды. Эч кандай күнөөсү мойнуна коюла элек. Ошол себептүү үй камак же тышка чыкпоо тууралуу тил кат деген чечим чыгарып койгонго болбойт беле деп жатабыз кайрылууда.

Ошондой эле Г.Султаналиеванын айтымында, шаардык бийлик карамыш болгону менен облустук бийлик ачкачылык жарыялагандарга көңүл бурбай жатат. Ачкачылык жарыялагандарга байкоо салып турган “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Нарын облусундагы өкүлү Урмат Акуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, догдурлар менен жергиликтүү бийликтин анча-мынча өкүлдөрү келип кетип жатышканы менен көзөмөл канааттандырарлык эмес:

- Саламаттыкты сактоо жагынан аябай киришип, күжүрмөн карабай жатышат. Качан гана чакырып, тез жардам дегенде гана келишет. Жергиликтүү бийликке, губернатор Өмүрбек Субаналиевге да кайрылуу жиберишкен. Бирок ал дагы “эмне болсоңор ошо болгула” дегендей мамиле кылып койду.

Нарын шаарынын мэри Бейшеналы Боогачиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ачкачылык акциясын жарыялагандар догдурлардын көзөмөлүндө турганын, шаардык бийлик менен облустук бийликтин өкүлдөрү дайыма ачкачылык жарыялагандардын ал-жайын сурап жатышканын билдирди:

- Ар бир эки саатта биздин догдурлар карап турушат. Менин орун басарларым, мэриянын кызматкерлери барып жатышат. Карабай жатышат дегенге каршымын. Облустук администрация дагы мындан кабардар болуп атышат. Бизден маалымат алып атышат. Алардын кишилерден дагы биздин кишилерге кошулуп барып атышат.

Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин жетекчиси, учурда ачкачылык кармап отургандардын бири Асыл Жаманованын айтымында, акциянын катышуучуларынын абалы барган сайын начарлап баратат. Эки-үч адам өзүн жаман сезип, өзүнүн кан басымы көтөрүлүп, барган сайын дарманы калбай баратканын айткан А.Жаманова төмөнкүлөрдү айтты:

- Ушул сааттарда мен өзүм баштап эки адамдын абалы өтө оор. Кан басым түшүп кетти. Жалпы сегиз адамбыз. Шаардык бийликтен вице-мэр гана келди. Мен азыр тилим келбей, жакшы сүйлөй албай да калдым. Алар ооруканага жатып, дарылангыла деп кагаз беришти. Бирок мен бийликтин жообу болмоюнча ага макул болбойм. Ошол себептүү ага макулдук берген жокмун. Алар “макул эмесмин” деген кагаз жаздырып алышты.

XS
SM
MD
LG