Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Кубат Чекиров, Прага Мындан кырк жыл мурда Москванын танкалары Чехословакияны басып кирип келбегенде Праганын “адамгерчиликтүү социализм” куруу аракети Борбордук жана Чыгыш Европаны либералдаштыруу жараянын алда канча тездетет беле, ким билет? Айтор, Кремлде баш ийген социалисттик блок «Варшава келишимине» кирген өлкөлөрдүн танктарынын жардамы менен «Прага жазынын” жаркыраган үмүт тилектерин 1968-жылы августта таш каптырган. Бул кейиштүү окуядан соң жаз желаргысынын ордуна жыйырма жылдай саясий кыштын ызгаары уруп турду. Азаттыктын кабарчысы Жереми Бранстен ошол учурдагы окуяларга көз чаптырган эле, анын Прага жазынын сабактары тууралуу баянынын мазмуну менен Кубат Чекиров тааныштырат.

Бүгүнкү Грузияга чаң ызгытып кирип барган Орусиянын танкалары Прагадагы мындан кырк жыл мурдакы окуяларды эске салат. Дүйнөдө көп серепчилер жана саясий ишмерлер Грузиядагы окуялар менен 1968-жылдагы Праганы окшоштуруп салыштырып карашууда.

Чехиялык радиожурналист Ян Беднардын айтымында, ал ар күнү кечинде сыналгыдан көрүп жаткан Грузиядагы жаңылыктар менен ошол кырк жыл мурда август айында Чехословакияда болгон окуялардын окшош жактары да, айырмачылыктары да бар:

-Эң негизги айырмачылыгы, азыр Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги Орусия менен Грузиянын чыңалган мамилелерине арачы болуп кийлигишип жатат. 1968-жылдагы Чехословакиядагы окуяларга карата мындай деп айта албайсың. Ал учурда Вашингтон менен бүтүндөй Батыш Европа кырдаалга унчукпай карап турушкан. Алар Чехословакия советтик таасирдеги аймак деген идеяга көнүп беришкен болчу.

Чехтер жана словактар өз мекенин басып кирген советтик танктарга каршы жеке өздөрү гана турушту. Ошол 1968-жылдын 21-августунда таң эртелеп алардын тагдыры тууралуу жаңылыкты чуу кылып ыкчам таркаткан эч кандай сыналгы болгон эмес. Ал кезде Си-Эн-Эн (CNN) сыяктуу эч кандай сыналгы каналы жок болчу.

Чехословакиянын калкы түн бир оокумда, болжол менен түнкү саат 2де танктардын дүңгүрөгөн добушунан ойгонуп, Прагадагы Чехословакиянын мамлекеттик үналгысынан мындай кабарды угушкан.

- Кечээ, 1968-жылдын 20-августунда түнкү саат он бирде Советтер Союзунун, Польша Элдик Республикасынын, Германия Демократиялык Республикасынын, Венгер Элдик Республикасынын, Болгар Элдик Республикасынын аскер күчтөрү Чехословакия Социалисттик Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүштү. Бул жөнүндө Чехословакиянын президенти, Улуттук Жыйындын жетекчиси, же премьер-министри жана Чехословакиянын Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жана өлкөнүн мамлекеттик мекемелери кабарсыз болчу.

Советтик танктар кирерден бир нече ай мурун Александр Дубчек башында турган Чехословакиянын Коммунисттик партиясы режимдин репрессивдүү саясатын жоюуга жана “адамгерчиликтүү социализмди” курууга багытталган бир катар реформаларды жүргүзгөн. Айтмакчы, теги словак болгон реформатор саясатчы Александр Дубчек 1930-жылдары Бишкекте бала чагын өткөргөнүн, анын ата-энеси айтылуу “Интергелпо” коммунасын куруу үчүн Кыргызстанга ыктыярдуу келген чехтер менен словактардын катарында болгонун кыстарып айта кетели.

Дубчек жетектеген чехословакиялык реформатор коммунисттердин жаңычыл кайра куруу аракеттери “Прага жазы” катары жалпы дүйнө коомчулугуна дүң болгон. Бул реформачыл кыймыл өлкөдө бат эле өрүш алып кетти. 1968-жылдын жайында Чехословакияда цензура жоюлду. Гезиттерде, журналдарда жана адабий журналдарда ачык-айкын талкуулар жайнап чыга баштаган.

Ал түгүл айрымдар Коммунисттик партиянын өзүнүн коомдогу ашкере жетектеген орду жөнүндө күмөн-күдүк ойлорун ачык айта баштады.

Эркин талкуулар Чехословакиянын коңшуларынын, биринчи кезекте Советтер Биримдигинин коммунисттик жетекчилигинин, КПСС Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун тынчын кетирип жатты.

Августка карай Москванын чыдамы таптакыр түгөндү. Советтик танктар Чехословакиянын борбор шаарына кирер замат, чехословак үналгысынын баш кеңсесине багыт алып, анын студияларынын ишин катуу көзөмөлгө алды.

Бирок алар мамлекеттик үналгынын көп кызматкерлери радиожабдууларды алып качып кеткенге үлгүрүп, шаардын чет жакасындагы үйлөргө бекинип алып, тыйуу салынган кабарларды берип жатышканын билишкен жок. Павел Пехачек (Pavel Pechacek) ошол учурда Чехословакиянын мамлекеттик үналгысынын кызматкери болчу. Ал төмөнкүлөрдү эскерет.

- Ошол кичинекей жана тар студияларда Чехословакиянын радиосунун кызматкерлери бир нече күн бою өз берүүлөрүн жашырынып алып обого чыгарып жатышты. Алар Праганын бардык булуң-бурчунан жаңылыктарды топтоп жатышты. Элдер Праганын дубалдарынан көчөлөрдүн аттары жазылган такталарды ыргытып салышкан. Ошондуктан, советтик аскерлер үчүн тымызын иштеген кабарчылардын жайгашкан ордун аныктоо кыйын болгон. Ошол себептүү берүүлөр көп күн бою токтогон жок.

Пехачек ошол күндөрү Праганын көчөлөрүндө болгон адаттан тыш окуялар жөнүндө да эскерет. Чехословакияга кирер алдында советтик аскерлерге «бул өлкөдө контрреволюция болуп жатат» деп айтышкан экен. Кээ бирөөлөр ал түгүл үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды деп ойлошуптур. Бирок анын ордуна аскерлер эч кандай куралы жок, таңыркаган, капа болгон, же ачуусу келген карапайым элди көрүшкөн. Бир катар чехтер алардын танктарына жалтанбай чыга келип, «Силер эмнеге бул жакка келдиңер?» деп зекип суроо коюшкан.

- Эмил Затопек аттуу бир белгилүү спортчу эсимде. Ал бир танктан экинчи танкка барып, советтик жоокерлер менен эмне болуп жатканын талкуулап жатты. Алардын айрымдары өздөрүн өтө ыңгайсыз сезип жатышты. Биз аны көрүп турдук. Алар куралданып алган жана айыгышып уруш жүргүзгөн кишилерге кабылабыз го деп ойлошкон. Анын ордуна аларды карапайым адамдар тосуп алып, Советтер Биримдигине каршы чыгуу оюнан алыс экендигин жана Чехословакияда дүйнөлүк үчүнчү согуш башталып жатпаганын айтып, акыл-эске чакырып жатышты. Адамдардын ушундай тайманбастыгы баракелде деп айткандай эле бар эле. Бул чынында эр жүрөктүүлүктүн укмуштуудай көрүнүшү болчу.

Эми ошол коогалаңдуу кезеңде Праганын көчөлөрүндө жазылып алынган тасмадан үзүндү келтирели. Бир чех айым советтик жоокерлерге төмөнкү сөздөр менен орусча кайрылып жатты:

- Силердин гезиттер менен журналдар чындыкты жазбай жатканы чоң жаңылыштык! Эгерде алар чындыкты жазган болсо, силер бул жакка келбейт болчусуңар. Бул жерде силердин гезиттер жазгандай эч кандай контрреволюция жок.

Бул айымга советтик солдат: «Мен буйрукту гана аткарам», - деп жооп кайырды.

Танкта кирген соң, өлкөдөгү кырдаал бат эле өтө ыплас жагына өзгөрдү. Александр Дубчек жана Чехословакия Компартиясынын башка лидерлери кармалып, Москвага алынып кетти. Камак менен кайтарыкта болгондуктан, алар советтик талаптарга баш ийип, советтик басып кирүүнү мыйзамдаштырган жана Прага жазынын реформаларын четке сүрүп ыргыткан Москва протоколу деп аталган документке кол коюуга аргасыз болушту.

Чехословакия Компартиясынын Борбордук комитетинин бир гана мүчөсү, Франтишек Кригел (Frantisek Kriegel) бул Кремл мажбурлаган документке кол коюудан баш тарткан.

1968-жылдын августунан кийин бир нече ай бою миллиондогон чехтер менен словактарды маскөөчүл жаңы өкмөт «советтик бир туугандардын достук кол сунганына» тилектештик билдирген кагаздарга кол койдуруу өнөктүгүн жүргүздү.

1969-жылы Дубчектин ордуна Густав Гусак (Gustav Husak) Чехословакия Компартиясын жетектеп калды. Дубчек партиянын катарынан чыгарылып, токой чарбасында иштеп калды. 1989-жылы гана Чехословакия калкы «баркыт ыңкылабына» көтөрүлө алышты. Ыңкылапчылардын арасында Александр Дубчек да болду. Эл кадырынан ажыраган режим кансыз төңкөрүш аркылуу ордун демократиячыл күчтөргө бошотуп берди. Александр Дубчек (1921-1992) 1989-жылы декабрда Чехословакия федерациялык кеңешинин (парламенттин) төрагасы болуп шайланып, реформачыл мыйзамдарды кабыл алууга жетекчилик кылды.

Кандай болсо да, чех журналисти Ян Беднардын айтымында, 1968-жылдын августундагы окуялар чех жана словак калкы үчүн өтө оор тарыхый из калтырган.

- Чех жумуриятынын көпчүлүк калайыгы үчүн бул окуялар күнү бүгүнкүгө чейин өтө оор жаракаттай кабыл алынат. Бул окуя көп сандаган кишилер үчүн оор мүшкүл болду. Бирок мунун баары – Гусактын доорунда жашаган муунга таандык. Ал эми жаш муундарга келсек, 1968-жылкы окуялар алар үчүн тек гана тарыхтын эски чагынын бир барагы, бул баракты алар үйрөнсө да, аттап өтсө да боло берет. Бул окуя алар үчүн жүрөк толтосунда турган жекече бир окуяга жатпайт. Дал мына ушунда эски жана жаңы муундун ортосундагы терең айырмачылык байкалат.

1968-жылдын августундагы Маскөөнүн өкүмзор мамилесинен соң 200 миңдей чех жана словак өз атажуртун таштап, бозгунга кетишкен. Алардын арасында жогоруда биз сөз кылган журналист Павел Пехачек да бар эле. Кийинчерээк ал «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» Чех кызматын жетектеп турду.

Коммунисттик режим кулаган соң, чех бийлиги көз каранды эмес маалымат таркатып турган «Эркин Европа/Азаттык үналгысына» ыраазылык билдирди. 1995-жылдан бери бул үналгынын баш кеңсеси Прага шаарында жайгашып келет.
XS
SM
MD
LG