Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Орусиянын бийлигинин айтымында, анын аскерлери Түштүк Осетия калкын “грузин бийлигинин тукум курут саясатынан арачылап калыш” үчүн бул аймакка киргизилген. Бирок, улам жаңы табылып жаткан далилдер Маскөө эгемен Грузияга кол салуу мүдөөсүн көздөгөн долбоор менен алда канча мурдараак эле алектене баштаганын көрсөтүүдө. “Согушка Орусия алдын-ала беленденгенби?” деген суроо жакынкы болочокто да кызуу талаш-тартыштын бутасы болуп кала берчүдөй.


Чынында да, "согушту ким баштады?" деген суроо грузин, осетин, орустарды гана эмес, башка да нечендеген элдерди, жалпы дүйнө коомчулугун түйшөлтүүдө.


Күн сайын атайын маалымат иргеп, чогултпаган калайык кээде бул тема боюнча биринчи уккан сөзүнө эле ишениши мүмкүн.

Бул өтө татаал суроо боюнча кийинчерээк ондогон жылдар бою да кайым айтышуу орун алышы мүмкүн. Айтор, айрым фактыларды жана жоромолдорду ортого сала кетели.

8-августта Орусиянын аскерлери эгемен Грузиянын аймагына киргизилээрден бир айга жетпеген убакыт мурда Орусиянын ири аскер күчтөрү Түндүк Кавказда атайын машыгуу өткөргөн.

Ага бери дегенде 8 миң орус жоокери жана 700дөй ири аскер куралы жана унаалары катышкан.

Июлдун экинчи жарымында Грузиянын чегине жакын аймакта өткөн бул аскердик машыгуунун өзөгү - Орусиянын 58-армиясы болду жана дал ушул армия Грузияга кол салууда башкы ролду ойноду.

Мындан башка да ар кыл далилдерди иликтеген орусиялык көз каранды эмес аскердик серепчи Павел Фелгенгауер мырзанын оюнча, Кремлдин Грузиядагы август айындагы согуш аракеттеринин башкы максаты – анын президенти Михаил Саакашвилини кулатуу болгон.

- Бул өнөктүк узак убакыт мурда даярдалган. Грузияга кеңири масштабда кол салуу долбоору тээ апрель айынын ичинде эле кабыл алынган. Согуш август айында башталышы керек деген чечим болгон. Бул согуш грузиндер эмне иш-чараны жүзөгө ашыраарына, алар провокацияга жооп берген-бербегендигине карабастан башталууга тийиш болчу. Согуштун максаты Грузиянын борбордук өкмөтүн ойрондоо, грузин армиясын жеңүү жана Грузиянын НАТОго киришине бөгөт кылуу болчу.

Бул орус серепчиси эске алган апрел айы – НАТОго мүчө өлкөлөр Бухарест шаарында саммитке чогулган учур да болчу. Дал ошол саммитте НАТОго мүчө өлкөлөр Грузия менен Украинага бул аскердик ынтымакка кирүү үчүн камылга көрүүгө мүмкүндүк ыйгарган сунушту берүүдөн баш тартышкан болчу.

Фелгенгауердин 14-августта “Новая газета” басылмасында жарык көргөн макаласында дал ошол Бухарест саммитинин жыйынтыгы Кремлдин Грузияны басып алуу үчүн атайын аскердик долбоор даярдай башташына түрткү болгон деп айтылат.

Кремл Тбилисинин НАТОго кирүү үмүтүн башынан эле кескин сынга алып келген. Бир чети, Бухарест саммитинин Тбилиси үчүн терс жообу Кремлди маашырлантса, экинчи чети, НАТО болочокко Грузия жана Украина үчүн эшикти ачык калтырган жагдай орус бийлигин тынчсызданткан.

АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси, окумуштуу Стивен Пайфер (Steven Pifer) Бухарест саммитинин сабактары тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Менимче, орустар Бухаресттеги НАТО саммитинен жаңылыш сабак алышты көрүнөт. Бул саммиттин алдында Орусия Грузия менен Украинанын НАТОго мүчөлүккө кабыл алынуу үчүн иш-аракет планына катыштырылышына каршы байма-бай кысымын күчөтүп жана куру чечендик кылып жатты. Орустар Бухарест саммитинин бүтүмүн өз жеңиши катары баалаганын укканым бар. Бухарест саммитинен соң берки эки өлкөгө кысым ого бетер күчөтүлгөнүн көрдүңүз.

Айтмакчы, дагы бир орусиялык серепчи Андрей Илларионов “Ежедневный журнал” интернет басылмасында чыккан макаласында Грузияга басып кирүү узак мөөнөттүк камылганы талап кылды жана ал иш-чара ийгиликтүү аткарылды деп жазат. Учурда Кремлдин айоосуз сынчысы болгон Илларионов кезегинде азыркы өкмөт башчы Владимир Путиндин президент кезиндеги кеңешчиси болчу.

Албетте, Кремл бул сыяктуу доолорду четке кагып, түштүк осетиялыктарды грузин бийлигинин тукум курут саясатынан калкалоо үчүн гана аймакка аскер киргизгенин айтып актанып келет.

Ал эми туптуура бир жыл илгери, 2007-жылдын июл айында Маскөө Европадагы кадыресе (өзөктүк эмес) аскер куралдары тууралуу келишимден чыкканын жарыялаган. Тээ кансыз согуш учурунда кол коюлган бул документ Атлантика мухити менен Урал тоолорунун ортосундагы аймакта аскерди жана курал-жабдыктарды жайгаштырууну чектеген келишим болчу.

Былтыр жайында АКШ армиясынын Согуштук коллежинин стратегиялык иликтөөлөр боюнча профессору Стивен Блэнк (Steven Blank) бул окуя тууралуу сөз кылып, эми Орусия өз аскерин Түндүк Кавказда топтоп, Грузияга коркунуч туудура алат деп ошондо эле жоромол кылган.

- Бул маселедеги факт ушул – мындагы түздөн-түз коркунучтун бутасы – Грузия болуп калды, анткени Орусия өкмөтү Грузияны коркутуу үчүн өз аскерлерин Түндүк Кавказга топтой алды.



Айрым серепчилердин баамында, Кремл Грузияга карата провокациясын апрелдеги НАТО саммитинен кийин күчөттү.



Владимир Путин президент кезинде, 16-апрелде, Абхазия менен Түштүк Осетиянын Орусия менен дипломатиялык алакаларын чыңдоого багытталган жардыкты чыгарды.

Ошол эле айда Орусия Грузиянын макулдугун сурап отурбастан, 1500дөй орус жоокерин Абхазияга кошумча жайгаштырды. Бул кадам 1994-жылы кабыл алынган ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди одоно бузуу болчу.

Июн айында Орусиянын темир жол аскерлери Сухуми менен Очамчира шаарларынын ортосундагы темир жолду оңдоо шылтоосу менен Абхазияга киргизилди.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мэтью Брайза (Matthew Bryza) бул темир жолчу аскерлердин мүдөөсү Кремл айткандан башкача болгонун мындайча белгилейт:


- Бир-эки ай мурда Орусиянын темир жол аскерлери Абхазияга киргизилгенде, биз алардын кайрымдуулук иш-аракетин жүргүзүү максатында жиберилгендиги тууралуу билдирүүлөрдү укканбыз. Азыр болсо алиги аскерлер эмне үчүн бул аймакка келгени тууралуу чындыкты билебиз. Алардын мүдөөсү Орусиянын кол салуусуна көмөкчү болчу ок-дарыларды жана башка аскердик жабдууларды ташып келүү үчүн Абхазиядагы темир жолду кайра куруп чыгуу болгон.


Серепчилердин айтымында, башкы көңүл Абхазияда болчу.



Бирок августтун башындагы Түштүк Осетиянын жикчи бийлиги менен Грузиянын коопсуздук күчтөрүнүн аткылашуусу окуянын чордонун Түштүк Осетияга көчүрдү.

Профессор Блэнк мырза да Түштүк Осетиядагы окуялар орус аскерлери беленденип келген согушка шыкакчы болду деген пикирде.

- Мен көргөн далилдер Орусияны армиясы бул аймакта бугуп жатып алып, бул окуяны күтүп турганына ишаара кылат. Чынында, түштүк осетиялыктар провокацияны баштады, алар зомбулук аракеттерди кескин күчөтүп, провокацияга жеңил алдырган грузиндердин чабуулун козутуп коюшту. Ал эми орустар болсо бул жерде бугуп күтүп турушкан, алардын аскердик өнөктүк үчүн планы эчак даяр болгон. Аскер күчтөрү - кургактыкта болобу, деңизде болобу, аба мейкиндигиндеби, - алар соңку күндөрү эмнени жүзөгө ашырса, ошого дапдаяр болчу.

Бир жагынан, расмий Кремл Тбилиси өз аскерин Түштүк Осетияга киргизгенден кийин бул аймакка арачылык кылуу үчүн орус аскерин алып барганын айтса, экинчи жагынан, расмий Тбилиси орус аскерлери Түштүк Осетияга 7-августтагы окуяларга чейин эле жүткүнүп жылып келе жатканын айтат.

Албетте, бул согуш тууралуу бир беткей бүтүм чыгарууга али эрте.


Айрым орусиялык серепчилер бул согуш Орусиянын бийлиги үчүн да капысынан болду деп санашууда.



Кандай болсо да, Кремл он беш жылдай убакыттан бери Түштүк Осетия менен Абхазиянын калкынын бир бөлүгүнө оңду-солду орусиялык паспорт таркатып, алардын жикчилик кыймылын козутуп, марттык менен каржылап келди.

Маскөөлүк серепчи Александр Гольцтун оюнча, Орусия өкмөтү бүгүнкү согуш жаңжалы үчүн кыртышты алдын-ала даярдап келгенин эске алуу менен, бул согуш үчүн жоопкерчилик Кремлде экенин айтууга болот.

Расмий Кремл болсо 21-кылымдын башындагы Кавказдагы соңку согуш алааматы үчүн азыркы грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвилини күнөөлөөдө.
XS
SM
MD
LG