Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

7:00 Ишенбай Кадырбековду колдогон ачкачылык акциясы уланып жатат


Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековду боштондукка чыгаруу талабы менен уюштурулуп жаткан иш-чарага сегиз киши катышууда. Кечээ тогузунчу киши Канайым Бердибаеваны ден соолугу начарлаганына байланыштуу тез жардам алып кеткен. Ушул тапта ачкачылык кармап отургандардын бири – Жумабүбү Табылдиеванын да кан басымы төмөндөп, оор акыбалда, деп билдирди акция демилгечилеринин бири Асыл Жаманова “Азаттыкка”:

-Талабыбыз аткарылмайынча токтотпойбуз. Өлсөк сөөгүбүз ушул жерден чыгат,

-Асыл Жаманованын кабарлаганы боюнча ачкачылык кармап отургандарга Нарын шаарынан жана Орто-Нура, Чет-Нура, Кара-Чий, Миң-Булак, Дөбөлү айылдарынын өкүлдөрү келип, тилектештигин билдирип кетип атышат . Ошондой эле милиция кызматкерлери Коммунисттик партиянын облустук кеңсесинде ачкачылык кармап отургандарга сырттан кишилерди кийирбөөгө аракет кылган учурлар бар, дейт Асыл Жаманова.(ZKo)

XS
SM
MD
LG