Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

ГРУЗИЯГА СОГУШ АЛЫП КЕЛГЕН АЛААМАТ ОРУСИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ЧЫККАНДАН КИЙИН ДАЙЫН БОЛОТ


Амирбек Усманов, Прага Москва орусиялык күчтөр дүйшөмбү күнү Грузиянын басып алынган жерлеринен чыгарылат деп сөз берген. Армия он күндөн бери ээлеген жерлеринен чыкса, согуш Грузияга таандык аймакка алып келген алааматты билгенге мүмкүн болот. Азырынча Түштүк Осетиянын жикчил аймагына жана Грузияны тааныган бөлүгүнө гумманитардык жол ачыла элек. Бул аймак катуу көзөмөлгө алынгандыктан, кабарчылар уруштун зыянын бийликтер уруксат берген жерлерди сырттан байкап баалашууда жана качкындардын оозунан угуп чектелишүүдө.

Грузиянын бир ныптасын орусиялык аскерлердин басып алганына эки жумага чукулдап барат. «France 24» телеканаланын кабарчысы Роб Парсонс Грузиянын орусиялык аскерлер ээлеп алган бөлүгүндөгү кырдаалды жайынан көрүүгө умтулган чет өлкөлүк журналисттердин бири. Франциялык кабарчы «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда орус жоокерлеринин жергиликтүү элге жасаган мамилесин мындайча мүнөздөйт:

-Айрым жерлерде орусиялыктар ашыкча тажаал, чогоол болуп, грузиндер менен атышканга даяр турушат. Ал эми башка жайларда, тескерисинче, алар өздөрүн чындап дос көрсөтүшүүдө.

Парсонс 16-августа кичинекей Аспи кыштагында болгондо, ал жерден куралчан осетиндерди да жолуктурган. Түштүк Осетияга чектеш кыштактарга байкоочулардын кирүүсүнө мүмкүндүк жок болгондуктан, бул жерлерден грузиндерди айдап чыгышууда деген шек туулат дейт Парсонс:

-Этникалык тазалоолор дале уланууда деген шектенүү күч алууда. Жекшемби күнү Акол Гори чөлкөмүндө болгон франциялык кабарчы менен кездештим. Тбилисиден 35 чакырым Түндүк Батыштагы Грузиянын бул чөлкөмү орусиялык аскерлер жайгашкан Түштүк Осетияга өтө жакын. Бул чөлкөмдөгү грузин кыштактарын жүздөгөн осетин жоокерлер талап-тоноого алыптыр.

Роб Парсонско качкындар орус аскерлеринин мыйзамсыз иштерин ырастаган түрдүү кептерди айтып беришкен:

- Береги кыштактардан келген качкындардын сөзүнө караганда, өтө жаман иштер болгон экен. Алар адам өлтүрүү, зордуктоо, үйлөрдүн өрттөлгөнү, мал-мүлктүн жана кишилердин уурдалганы жөнүндө айтып беришти. Бул кабарлардын көбүн аймакка эми гана кирген Хьюман Райтс Уочт уюму да тастыктады.

17-августа Гори шаарына кирүүгө мүмкүндүк алган БУУнун Качкындар комиссариатынын өкүлдөрү да шаардын тонолгонун күбөлөгөн белгилерди көрүшкөн. Агенттиктин билдиришинче, уруш 159 миңдей адамды бозгун кылды. Алардын 100 миңге жакыны Грузиянын өзүнөн, 30 миңдейи Түштүк Осетиядан жана калган 30 миңи Орусисиянын ичинен.

Түштүк Осетияга эл аралык байкоочулар оңой менен киргизилбегендиктен, уруштун зыяны жөнүндө так айтып болбойт. Бирок Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде грузин жарандары уруштан кыйраган шаарды урандылардан тазалоо иштерин аткарып жатканын адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уочт уюмунун өкүлү Анна Найстат «Азаттыкка» жекшемби күнү телефон аркылуу берген интервьюда билдирди:

- Биз бомбалоодон кыйраган шаарды тазалап жүргөн адамдарды көрдүк. Бийлик өкүлдөрү жанагы адамдар ырас эле кармалганын жана шаарды таштандылардан өз ыктыяры менен тазалап жатышканын ырасмий эмес жагдайда айтып беришти. Тилекке каршы, алардын эч кимиси менен сүйлөшө албадык. Алар камоодогу жарандарбы же согуш туткундарыбы? Алардын статусун аныктап алуу азыр өтө маанилүү.

Орус бийликтери эл аралык кабарчыларды жекшемби күнү автобус менен Түштүк Осетиянын айрым жерлерин кыдыртты. Бирок «Нью- Йорк Таймс» гезитинин кабарчыларына Цхинвалиге бараткан жолдогу грузин кыштактарын аралап көрүүгө уруксат берилген эмес. Алардын жазышынча, «айрым кыштактардагы турак үйлөрдүн 90 пайызга жакыны кыйраган». «Цхинвалидеги Түштүк Осетиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты өрттөн карарып турат. Университеттин босогосундагы тепкичтерди танк былчыратып салыптыр», деп жазышат америкалык гезиттин кабарчылары.

Кабарчылар жана Грузиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда, Москва убада кылгандай, дүйшөмбү күнү орусиялык аскерлердин Грузияга таандык жерлердин чыкканы байкалбады. Ошондуктан, алар ээлеген жерлерин качан бошотоору жана Түштүк Осетияга гумманитардык коридор качан ачылаары азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG