Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

“Учур” жаштар театры драматург Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасы менен Алматыда, Каирде өтчү Эл аралык фестивалдарга жана Караколдо боло турган республикалык сынакка катышат.

Учур” жаштар театры сентябрдын 2-7не чейин Казакстандын Алматы шаарында өтчү Борбордук Азия мамлекеттеринин эл аралык фестивалына катышат. Театр аталган фестивалга Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасы менен бармакчы. Азыр театрдын жамааты жайкы эс алуудан кайтып келип, бүгүнтөн баштап пьесаны сахнага даярдай башташканын театр директору Шаршебек Шейшенов билдирди:

Биз пьесаны Тажикстанга эле эмес, Батышка чейин белгилүү болгон тажик режиссеру Барзу Абдразаковго койдурдук. Ошол кишинин режиссерлугунда даярдалды. Пьесада болсо жети каарман бар. Жетөөнү тең биздин артисттер ойноп жатышат. Бүгүнтөн оюнга даярдыкты баштадык.

“Учур” театры Алматыдан чыгармачылык сапардан келээри менен сентябрдын 8-14нө чейин Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык 3-театр фестивалына аттанып кетет. Ал эми октябрь айында театрдык ьоп Египеттин борбору Каирде өтчү Эл аралык фестивалга катышууга аттанат. Бул театр сынагында Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьеса-уламышы коюлат. Драмадагы көтөрүлгөн негизги маселе тууралуу Шаршебек Шейшенов мындай пикирин айтты:

Учурда Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө - кайсы тармакты албайлы, мейли экологиядабы, экономикадабы, маданияттабы кандайдыр боштук өкүм сүрүп тургандай...Ал боштуктан улам, адамдардын жан дүйнөсүндө күрөш жүрүп келет...Пьесада ушул маселелер көтөрүлгөн.

“Учур” театры “Меккеге карай узак жол” пьесасынын бет ачарын кыргыз көрөрмандарына эрте жаздан тартуулаган эле. “Пьесаны сахналаштырууда театрдын жамааты изденүү менен аркеттенди” – деди Шаршебек Шейшенов:

Спектаклде көрөрмандар залда отурушпайт. Көрөрмандар артисттерге жакын, сахнада эле отурушат. Артисттер менен көрөрмандардын ортосу 25 см дей эле аралыкта... Биз мындай ыкма менен - пьесаны элге жеткиребиз деген аракетте болдук.
XS
SM
MD
LG