Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

7:45 Жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бөлүнгөн арзан баадагы ун максаттуу таратылган эмес


Мындай маалыматты тараткан кыргыз өкмөтүнүн кабарлоосу боюнча быйыл май айынан тарта 321 068 үй-бүлөгө 8027 тонна ун бөлүнгөн. Мамлекеттик резервден бөлүнгөн 10,06 миң тонна дандан 6128 тонна ун чыгарылып, атайын минералдык-витаминдер менен байытылган. Бирок атайын түзүлгөн комиссия элге негизинен байытылбаган ун таратылгандыгын аныктады. Мындан тышкары унду тиешелүү аймактарга 10-июлга чейин жеткирүү милдетин алган мамлекеттик резерв агенттиги бул ишти мөөнөтүндө аткарган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Ош, Бишкек шаарларынын, Ош, Чүй, Жалалабат, Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын райондоруна бөлүнгөн ундун жарымы гана жеткирилген. Атайын комиссиянын билдиргени боюнча ун тиешелүү үй-бүлөлөргө акчасы төлөнгөндөн кийин гана, өтө жай темп менен жеткирилген. Алсак: Ош облусунан бул максатта 38 млн сом которулган болсо, анын 19 млн сомуна гана ун жиберилген. Ушундай эле абал Баткен, Нарын облустарында да бар. Райондук акимдер унду айылдарга өз каражаттарына жеткиришкен. Бирок айрым айыл өкмөттөрдө ундун жол акысы жана башка кызмат акылары үчүн кошумча акча алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG