Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

5-октябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Бул саясий өнөктүккө саясий күчтөр кандай даярданууда? Оппозициялык партиялар бирдиктүү болуп бара алабы?

Өлкөнүн саясий майданында үстөмдүк кылып турган “Ак жол” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо активдүү катышаарын билдирген. Партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев 5-октябрга белгиленген шайлоодо бардык кеңештерди ээлөө чакырыгын Баткен облусуна сапарында жасаган.

Оппозициялык партиялар да бул өнөктүккө өздөрүнчө даярдык көрүп жатышат. Маалым болгондой, жергиликтүү кеңештерге талапкерликке атуулдар өздөрүн-өзү жана партиялар көрсөтө алат. Талапкерликке көрсөтүү БШКа белгилеген тартипке ылайык 10-сентябрда аяктайт. Мына ушуга байланыштуу саясий партиялар август айынын аягынан тарта конференцияларды өткөрүп, талапкерлерди көрсөтүүгө камданууда.

Оппозициялык партиялар ичинен Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата Мекен” партиясы менен Алмазбек Атамбаев башында турган Социал-демократиялык партия бул өнөктүктү биргелешип жүргүзүүгө камданууда. Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев:

Биздин партия да тийиштүү даярдыктарды көрүп жатат. Райондордо, облустарда ушул айдын ичинде партиялык конференциялар болуп, ошондо талапкерлерди көрсөтүү чечилет. Менимче, (оппозициялык партиялар) биргелешип эле иштешип, талапкерлерди биргелешип көрсөтөт го, бири-бири менен талашпай. Азыр биз “Ата Мекен” партиясы менен ушундай сүйлөшүүлөр жүргөнбүз.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партия Бишкек шаардык кеңешин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтө турганын айтып, буларга токтолду:

“Биз 15-20 талапкер көрсөтөлү деп турабыз. Бизден башка дагы оппозициялык маанайдагы партиялар шайлоого катышат. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бир нече партия талапкерлерин коюп катышса, биз бирдиктүү штаб уюштуруп, шайлоо убагында мыйзамдардын сакталышын, шайлоонун адилет өтүүсүн көзөмөлдөөгө биргелешип аракет жасайбыз” . деген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү кеңешке шайлоо, өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине шайлоо акчалуулардын жарышына айланып келгенин, анын партиясы мындай салтка бөгөт коюп, карапайым адамдардан көбүрөөк талапкерлерди алып чыгарын кошумчалады

Темир Сариев жетектеген “Ак шумкар” партиясы да жергиликтүү кеңештерге шайлоого камданууда. Бул партиянын саясий кеңеши 20-августа жыйынга чогулуп, талапкерлерди көрсөтүү маселесин талкуулайт. “Ак шумкар” партиясынын лидерлери ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги менен шайлоо, саясий абал боюнча пикир алмашууну белгилеп жатат.

Жаңыдан түптөлө баштаган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы болсо шайлоо эмес, энергетикалык жана азык-түлүк кризиси тууралуу ойлоно турган убак деп эсептейт. Кыймылдын лидерлеринин бири Осмонакун Ибраимов:

Азыркы уламдан-улам тескерисинен кетип бараткан элдин турмушун ойлош керек. Кыштан кантип чыгабыз, жазга кантип жетүүнү ойлошубуз керек. Шайлоо бул эми, чынын айтканда, бул эми бекерпоздордун жумушу болуп калды. Барам дегендер барсын.

Өкмөттүк эмес уюмдар да шайлоого байкоо жүргүзүүгө кам көрүүдө. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунованын билдирүүсүнө караганда, алар да узак мөөнөттүү
байкоо жүргүзүүнү башташты. Жакында беш өкмөттүк эмес уюм бул багытта жүргүзүлө турган иштери тууралуу кеңири маалымат бермекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG