Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

ЭКИ АЛАКАНДЫН ОТУНДАГЫ СУУДАЙ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

“Кыргызстан да Грузиядагыдай АКШ менен Орусиянын тирешүүсүнүн курмандыгы болуп калат деп ойлойсузбу?” деген суроо менен “24.kg” маалымат агенттиги белгилүү эксперттер менен саясат иликтөөчүлөргө, коопсуздук боюнча адистерге кайрылганда мурдагы өкмөт башчыларынын бири Ф. Кулов, мындан коркууга эч кандай негиз жок. Кыргызстан деген Грузия эмес, анын үстүнө бизде Кавказдагыдай шарт да жок, ырас Борбор Азия аймагында суу жана энергетика боюнча маселелер бар, бирок анын жолдорун чыр-чатаксыз эле чечүүнү үйрөнүп алганбыз, ал эми АКШ менен Орусия державаларынын аскер базаларынын аткара турган милдеттери ар башка деп жооп берсе,
белгилүү саясат иликтөөчү Н. Омаров, Орусия да, АКШ да Кыргызстанга кызыгат, экөө тең бул өлкөнүн кызыл өрттүн эмес, кызыкчылыктарын сүйлөшүү жолу менен жүзөгө ашыруучу өлкө бойдон калышын каалайт, АКШ деген Түштүк Кавказда узакка калгысы келгени үчүн өз кызыкчылыгын Грузия аркылуу турмушка ашыргысы келди. Ал эми Кыргызстанда анын аскер базасы турат. Мындай базанын турушун Орусия каалабаган менен анын жайгашуусуна каршылык кыла алган эмес деп айтты.

Аймактын коопсуздук боюнча аскер эксперти Л. Бондарец, АКШ ар кандай жолдор аркылуу Грузияны агрессияга түрткөн. Вашингтон менен Тбилиси Орусия бул ирет деле дипломатиялык чараларды көрүү менен чектелип тим болот деп ойлоп жаңылышкан. Грузиянын жеңилиши дүйнөлүк саясаттын аталыгына айлангысы келген Американын жеңилиши. Россия Федерациясы эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бери мурдагы постсоветтик мейкиндикте өз кызыкчылыгын чечкиндүү коргой ала тургандыгын көрсөттү. Тилекке каршы Кыргызстан бул процессте активдүү роль ойной албады. Эгер Кыргызстан өзүн өзү аныктап алгысы келсе эч жакка кете албайт. Америка деген алыс. Ал эми Кытай оң бөйрөгүндө, Орусия сол бөйрөгүндө туру. Анын үстүнө Кыргызстан бул эки өлкөгө экономикалык жактан гана эмес, коопсуздук жактан да көз каранды деп айтты.

Мурдагы тышкы иштер министрлеринин бири А. Жекшенкулов, менин оюмча жакынкы күндөрдө так эле Грузиядагыдай окуя Украинада кайталанышы мүмкүн. Ал эми Борбор Азияга болгон таасирин Орусия менен АКШ эле күчөтпөстөн, ШКУ менен НАТО да күчөтөт десе,

Саясат иликтөөчү О. Молдалиев, Кыргызстан Грузядагыдай болбостугун, болгону Орусия менен НАТОнун ортосунда “жылма саламдашуу” болуп өткөнүн, чыр бара бара тынчырын, анын үстүнө Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо аяктарын, Кыргызстандын Грузияга айланбоосунун дагы бир себеби ал Шанхай жана Жамаатттык Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн бири экендигин айтты.

Аскер эксперти Ю.Погребняк, Кыргызстан Орусия менен АКШнын мамилесинин жарака кеткен жеринде турат, Кыргызстандын тышкы саясаттагы эки жүздүүлүгү республиканын ишмердүүлүгүнө жакшы эмес таасир тийгизүүдө, ошон үчүн ал эртең ким менен болорун азыртан аныктап алганы оң десе, cаясат иликтөөчү М. Сариев, Кыргызстан эки державанын кысымында каларын, эки дөө анысын финансы институттары тарабынан жүзөгө ашырарын, ошентип эки үстөлгө олтуруп жашай бере болот дегендин азабын кыйла тартаарын, мунун баары президент К. Бакиевдин “өзөгүн” өрдөп өтөрүн, кокус АКШ кысым кыла берсе Бакиев Жамааттык Кызматташтык Уюму тарапта болорун айтты.
“Акжол” партиясынын парламенттеги өкүлү А. Сабиров Орусиянын Грузиядагы аракетин колдой турганын билдирсе, саясат иликтөөчү М. Казакбаев, кандай кысым көрсөтүлсө да Кыргызстандагы абал азыркы калыбында кала берерин, анткени Кыргызстан Орусиянын да , Батыштын да жардамынан баш тарталбай тургандыгын айтып жооп берди.

“Борбор Азия” жаңылыктар кызматы Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан жакынкы мезгилдерде жогорку кубаттагы бирдей электрэнергиясына биригерин, мындай долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Эларалык финансы Корпорациясы каражат бөлгөнүн кечээ “Немис толкуну” радиосу кабар кылды деп билдирди. Эларалык финансы Корпорациясынын аткаруучу деректири Ларс Таннелдин сөзү боюнча бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстан үчүн чоң пайда берет. Биринчиден электрэнергиясын чет өлкөлөргө кымбат сатып пайда көрөт. Экинчиден өз ичиндеги энергиянын таңсыктыгынан кутулат. Ларстын айтымында Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлө турган төрт тараптуу келишим аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан 1300 мегаватт электрэнергиясын Ооганстан менен Пакистанга берет. Учурда буга байланыштуу электр өткөргүч линиялары курулган. Бир гана кыйынчылык Ооганстандагы согуштук-саясый абалдын туруксуздугу линияларды чегара аркылуу алып өтүүгө кыйынчылык туугузуп жатат. Жалпы баасы 500 млн. доллар турган долбоордун акчасы келишимдин чегинде ар бир мамлекеттерге үлүшүнө жараша бөлүнөт. Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн катчылыгы Кабул шаарында турган мамлекеттер аралык келшим түзүлдү. Кеңеш электрэнергиясын соодалоонун тиешелүү укуктук базасын иштеп чыгууга даярдыкты баштайт деп айтылат бул макалада.
XS
SM
MD
LG