Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

НАТО ГРУЗИЯНЫ КОЛДОДУ, ОРУСИЯ АЛЬЯНСТЫ АЙЫПТАДЫ


НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында орус аскерлери Грузиянын аймагынан чыгарылмайынча альянс Москва менен нормалдуу мамиле түзө албай турганын эскертишти. Өз кезегинде орус тышкы иштер министри кечээ Брюсселде кабыл алынган билдирүүнү “калыстыгы жок” документ деп атап, НАТОну “кылмыштуу режимди актаганга аракет кылып жатканы” үчүн айыптады.

Брюсселде кабыл алынган билдирүүдө НАТО Грузиядагы окуялардан кийин “Орусия менен мурдагыдай мамиле түзө албай турганы” айтылат. Мунун өзү ортодогу кызматташтыктын бардык программалары жабылды дегенди билдирбейт, бирок бул жагдай эске алынат.

Альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Орусия-НАТО кеңешине байланыштуу суроого жооп берип,анын иши токтолбой турганын, бирок орус аскерлери Грузиянын аймагынан чыгарылмайынча кеңештин ар кандай деңгээлдеги жыйындарын өткөрүүнүн кажети жоктугун белгиледи. Ошол эле учурда ал Орусия менен байланыштын бардык эшиктерин жаап салганга альянс умтулбай турганын да кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс өз кезегинде Москваны обочолонтуп салууга Вашингтондун да ниети жоктугун ырастап, Орусия Кавказдагы кадамдары менен өзүн өзү обочолонтуп жатканын белгиледи. АКШ көп тармактарда Орусия менен ар тараптуу кызматташтыкты жактайт. Деген менен Брюсселдеги жыйын ачылаар алдында Райс түндүкатлантикалык түзүлүштөргө кимдер кошулуп, кимдер кошула албайт, муну аныктаганга Орусияга Батыш жол бербей турганын эскерткен эле.

НАТОлук министрлердин жыйынында кабыл алынган декларацияда катаң апаздагы билдирүүлөр айтылганын эске салып, Райс Орусиядан жарашуу келишиминде каралган шарттарды так аткарууну талап кылды. “Орус президенти өз сөзүнө туруп, аскерлерин Грузиядан 6-августка чейинки позицияларга чыгарып кетүүгө тийиш”,- деп айтты ал.

Москва өз аскерлерин Грузиядан чыгара баштаганын билдирген эле. Бирок азырынча бирин-серин бөлүктөр гана туруктуу жайына кайта баштады. Орус генералдары буга грузин аскерлери жана алардын аракеттери жолтоо болуп жатканын айтышууда.
Буга катарлаш Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Грузияга чукул арада 20дай байкоочусун жөнөтө турган болду.Алардын саны келечекте дагы сексен кишиге көбөйүшү ыктымал.

Брюсселде кабыл алынган билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “калыстыгы жок жана чалгыртмалуу” документ деп атады. Анда, Лавровдун айтымында, ”агрессивдүү аракеттерди ким биринчи баштаганы, Грузияны ким курал менен жабдыганы” тууралуу дегеле эчтеме айтылбайт. “Грузин-осетин жана грузин-абхаз жаңжалын НАТОдогулар Грузия менен Орусиянын ортосундагы жаңжалга айланта сатышты”. “Менимче, НАТОдо агрессорду жабыр тарткан бечара кылып көрсөткөнгө, Грузиядагы кылмыштуу режимди актап, ойрону чыккан бийликти куткарып калганга жана анын азыркы лидерлерин кайра куралдандырганга аракет кылып жатышат”,-деп айтты Лавров.

Лавров НАТОнун бир жактуу позициясынан Москва да тийиштүү тыянактарды жасарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG