Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Б.НАРГОЗУЕВ: ЭГИН БОЮНЧА МААЛЫМАТ “ЖЕЛ ЭСЕП” ЭМЕСПИ ДЕП КООПТОНОМ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Жогорку Кеңештин депутаттатык тобу жакында өлкөнүн бир катар аймактарын кыдырып, айыл чарбасындагы абал, элдин жашоо-шарты менен таанышып келди. Парламенттеги “Ак жол” партиясынын өкүлү Бегалы Наргозуев дагы ошол депутаттык топтун курамында түштүк аймактарына барып келген. Эми ошол иш сапар тууралуу Бегалы Наргозуев “Азаттыктын” түз обосунда маек курган.

“Азаттык”: Cиздер кыдырган аймактардагы абал, айыл чарбасындагы түшүмдүүлүк кандай экен?

Б. Наргозуев: - Көп эле ондон ашык жерлер кыдырдык. Көп жерде сугат проблемасы, быйылкы кургакчылык, суунун аздыгынан эгин аянттарында буудайдын бою кыска болуп калып, комбайнга илинбей жаткандыгы, ушул сыяктуу маселелер аябай көп көтөрүлдү. Жалал-Абад шаарынын тегерегиндеги эки-үч райондо гана абалыбыз жакшы деп мактаныша алышты. Калган жерлердин бардыгында каатчылыкка аябай арызданып атышат. Ошого карабай эптеп жанталашып, түшүмдү жыйнап алууга аракеттенип жатышыптыр.

“Азаттык”: Айыл чарба министрлиги август айына чейин эле 600 миң тоннадан ашуун буудай жыйналганын кабарлоодо. Ушул маалымат чындыкка дал келеби?

Б. Наргозуев: - Ошол маалыматты кайра-кайра бапылдап байма-бай берип атышат. Мен дагы угуп алып аябай кубанып атам, ылайым ошондой эле болсун деп. Өзүңүздөр билесиздер, быйыл Кыргызстандын керектөөсү үчүн 1 млн. 200 миң тонна буудай керек. Ошонун 800 миң тоннасын алабыз деп жазында күпүлдөп аткан элек. Ага чейин эле биз биринчи вице премьер Искендер Айдаралиевдин жетекчилигин алдында Чүй облусун кыдырып чыкканбыз. Ошондо миң гектар жерди үшүк алып кеткен, сугат суу, жер семирткич жетишпей жатат дешкен. Ага чейин эле мынча миң гектарды үшүк алды деп акты түзүштү. Быйыл түшүм кандай болот деп шекшип турганбыз. Түштүктө дагы сугат маселеси аябай проблема болчу.

Ошого карабай азыр жакшы маалыматтар келип атат. Ошого бир чети кубанып, бир чети тан калып турам. Себеби, биз кыдырып жүргөндө мен бир агроном менен сүйлөштүм, ал түшүм жылдагыдай эмес деди. Мурун колхоз, совхоздордо кырманда чогулчу түшүмдүн баары, анын эсептөө методикасы бар болчу, канча экенин текшергенге жеңил болчу. Азыр болсо жеке менчиктерде, дыйкандарда алган түшүмдү эсептөөнүн, анын текшерүүнүн методикасы жок. Ошон үчүн айылдардан райондорго, райондон облуска, облустан Бишкекке отчетту бапылдатып берип атышат. Ушунун баары кошуп жазуу болуп калбайбы деп мени аябай ойлонтуп койду. Күзүндө келгенде биз ушул боюнча айыл чарба министрине кайрылалы деп атабыз, кайсы методика менен эсептеп берип атышат. Анан күзүндө элдин, парламенттин, президенттин алдында уят болуп калышпайбы. Ушул каатчылыкка карабай чын эле биз 700 миң тоннадан ашык буудай жыйнап алдыкпы. Ушул маселелер мени ойлонтуп атат.

“Азаттык”: Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан жалпы жагдай боюнча эмне айта аласыз?

Б. Наргозуев: - Азык-түлүк коопсуздугу бул дүйнөлүк процесс. Ошонун ичинде Кыргызстанды дагы бул каптай турган болуп калды. Бирок менин билишиме караганда, өкмөт аракет кылып атат. Бирок түшүм жагынан берилген маалыматтар чын болсо экен деп эле тилеп турам.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, Кыргызстан айыл чарба азыктары менен өзүн канчалык камсыздай алабы?.

Б. Наргозуев: - Эгер жакшы шарт болуп эле аба ырайы катаал болбосо, дыйкандар жакшы иштесе эле Кыргызстан азык-түлүк, дан эгиндери менен өзүн өзү камсыз кыла алмак. Жыл сайын биз 300 миң тонна данды сатып алат экенбиз. Бирок адистердин эсептөөсү боюнча Кыргызстан өзүн-өзү камсыз кылганга жетишсе болот. Бирок быйыл кандай болот? Бул келип аткан маалыматка, түшүмгө байланыштуу болот.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG