Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Демократиялык жаңылануу зарылдыгы 1968-жылкы “Прага жазынан” башталган. Ал зарылдык келип-келип олтуруп 1991-жылкы август төңкөрүшүндө зор тарыхый сыноодон өткөн. Ушу азыр да өзүнчөлүктү, өз алдынчалыкты жериген империялык дем-дымак тарых майданынан кете элек. Ал туурасында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баш катчысы Жыпар Жекшеев “Азаттык” менен баарлашкан.

“Азаттык”: - Жыпар мырза, советтик аскерлердин Чехиянын башкалаасы Прагага 1968- жылы киргенинен бери 40 жыл өттү. Азыркы убакыттын көзү менен ошол окуяларга кандай карайсыз?

Ж. Жекшеев: - Менин оюмча, ал кезде Советтер Союзунун саясаты ошондой болуп калды. Албетте, Чыгыш Европадагы мамлекеттерди социалисттик лагерь деп өз колунан чыгарбай турчу эмес беле. Бирок ошол 1968-жылдары эле Чыгыш Европа өлкөлөрү Польша, Чехословакия, Венгрия демократиялык баалуулуктарга ыктап калган экен.

Биз ал кезде Түндүк флотто кызмат өтөп жатканбыз. Аскер тизилүүсүн айтпай эле жарыялап жиберишти. Эч нерсе айтышпайт. Баарыбыз дүрбөлөң түшүп эле калдык. Кораблдердин баары дап-даяр болуп толук жабдыктары менен туруп калышты. Суу алдында жүрчү кайыктар да даяр болуп калышты. Баарыбызда автомат, үч магазин огу менен, противогаз. Кийимибизди чечпей эле ошондо согушка аттанчудай болуп дүрбөлөң түшүп калдык.

СССРдин бардык аскерлери ошондой абалды башынан өткөрдүбү же биздин бөлүк эле ошондой болдубу, андан менин кабарым жок. Бул абдан чоң опуртал окуя болду. Албетте, ал жерге барып Советтер Союзу жакшы деле абийир алган жок. Бирок ал улуттук-боштондук кыймылды курчутуп, андай аракеттин шылтоосуна шыноо болуп калды окшойт.

“Азаттык”: - Азыркы орус-грузин чатагын Грузия бийлиги ошол 68-жылкы окуяга салыштырып жатат. Ушул экөөнүн ортосунда окшоштук же айырмачылык барбы?

Ж. Жекшеев: - Сырткы көрүнүшү, сырткы окуялары боюнча экөөнүн окшоштуктары деле бар. Бирок негизги ички маани-маңызы боюнча айырма чоң эле. Мисалы, Түштүк Осетия менен Грузия ортосунда болуп жаткан окуялар башкача. Түштүк Осетия Грузиянын курамында турат. Аны дүйнө жүзүндө эч ким өзүнчө мамлекет деп кабылдаган жок. Укуктук жагынан ал Грузиянын маселеси, ошонун аймагы болот.

Ал эми моралдык жагынан алганда, Грузия бийлиги өтө бир одоно иштерге барып койду деп ойлойм. Кандай болгон күндө да ошол элдин улуттук сезимин сыйлап, урматтап, саясий ыкмада гана иш жүргүзсө болмок. Жанагындай күчтү колдонуп ийгени, менимче, туура эмес.

“Азаттык”: - Чехияда болгон кезиңизде Праганын Вацлав аянтында болгондурсуз. Ошол жерде 1968-жылы курман болгон жигит-кыздарды эмдигиче эстеп, шам жагып өчүрбөй эстеп келатышат. Ошол сезим улуттун өзүнчөлүгүн билдиреби же бул демократиялык баалуулуктардын бийиктигин көрсөтчү белгиби?

Ж. Жекшеев: - Ар бир улуттун өз тарыхын унутпай эскере жүрүшү парз деп ойлойм. Анын үстүнө ал жаштар үчүн чоң таалим-тарбиялык мааниге да ээ. Ар бир элдин ошондой башынан өткөн, кийин тарыхый ыйык күн катары эскере турган учурлары болот. Мен да Прагага барганда көрдүм. Мекендешин ошентип эскерип туруу туура деп ойлойм.

“Азаттык”: - Жыпар мырза, мына орус-грузин чатагында империялык дем-дымак жөнүндө кеп боло баштады. 1968-жылкы Чехословакиядагы, же болбосо 1956-жылкы Мажаристандагы окуялар, 1990-жылкы Чыгыш Европадагы ортодогу дубалдын бузулушу. Советтер Союзу кезиндеги империялык дем-дымак Орусияда кайрадан жандана баштадыбы? Же бул Батыштын Орусия жөнүндө түзүп алган образыбы?

Ж. Жекшеев: - Ар бир элдин образын жалгыз өзү түзбөйт. Анын дүйнөлүк иш-аракети калыптайт го. Анан албетте, Орусия мурда империя болуп турганда, тоталитардык башкаруудан кутула албай келген чагында дүйнөлүк демократиялык баалуулуктарга өзүнүн идеологиясын каршы коюп, өзүнүкүн туyра деп эсептеп, катуу тирешүү менен канча жылдарды өткөрүп келбедиби. Ал жөнүндө сөзсүз стереотип, көз караштар калыптанып калган.

Бул жерде аны мынабу Грузиядагы, Кавказдагы окуяларга салыштырып баа берип ийишти мен туура эмес деп эсептейм. Себеби кандай болбосун бул жакта кандайдыр бир айырмачылыктар бар.

“Азаттык”: - Ошол империянын соңку дем-дымагы, билесиз, 1991-жылы ойгонгон болчу. Анын Кыргызстанга, өлкө эгемендигине кандай коркунуч келтиргенин сиз жакшы билесиз. Ошол күн эсиңиздеби?

Ж. Жекшеев: - Ал эстен кетпей калбадыбы. Себеби ал кезде КДКнын тең төрагасы катары менин демилгем менен өзгөчө штаб түзгөнгө жетишип калдык. Бел байлап, эгемендикти, демократияны сактап калалы деп, ошол өзгөчө штабга Кыргызстан демократиялык кыймылы, башка саясий уюмдар, партиялар өкүлдөр киришкен. Ага үй куруучулар да кошулуп, баш-аягы 20 миңдей адам чогулуп, эгемендигибизди сактап калуу, демократияны сактап калуу үчүн пландуy түрдө иш жүргүзө баштаганбыз. Ошондо КМШда биричилерден болуп өзүбүздүн саясий билдирүүбүздү Улуттук телерадио аркылуу элге жарыялаганбыз.

“Азаттык”: - Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG