Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Орус аскерлери Грузия менен буфердик зонада кала берет


Орус армиясынын генералдык штабынын башчысынын орун басары Анатолий Ноговициндин билдиришинче, аскерлер Түштүк Осетиянын айланасындагы аймакта Москва канча керек деп санаса, ошончо убакыт турмакчы. Ага ылайык, орус аскерлери Абхазия менен буфердик зонада да кала беришет.
НАТО бардык орус аскерлери Грузиянын аймагынан кетмейинче, Москва менен алакаларын толук токтотуп жаткандыгын билдирди. Президент Медведев аскерлер эртең, 22-августта кетет деп маалымдаган.

Мунун алдында Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Грузия боюнча резолюциясын четке каккан
Резолюцияда орус аскерлерин Грузиядан дароо чыгарып кетүү талабы камтылган. Орусиянын элчиси Виталий Чуркин кеңеште "резолюцияда Франциянын арачылыгы менен жетишилген элдешүү да колдоого алынышы керек болчу", деди.

XS
SM
MD
LG