Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН!” КЫЙМЫЛЫ ИШИН ЖАНДАНДЫРДЫ


Оппозициялык күчтөрдүн “Акыйкат үчүн!” кыймылы өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык кырдаалга канагаттандырарлык эмес деп баа берди. Мындай тыянакты кыймыл жайкы тыныгуудан кийин бүгүн (20-август) өткөргөн кезектеги отурумунда чыгарды. Оппозициянын мындай баасын бийликтин тарапкерлери оппозициянын кезектеги эле негизи жок сыны катары кабылдап жатышат.

“Акыйкат үчүн!” кыймылы мындай тыянак чыгарууда баанын өсүшүн, отун-энергетика саясатын, учурда камакта отурган Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун, “Де-факто”, “Алиби” гезиттеринин айланасындагы окуяларды, кылмыштуулукту, №16 түрмөдөгү кандуу окуяны эске алды.

Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов экономикалык абал боюнча чындыкка коошпогон билдирүү таратып жатат деп өкмөттү сындады. Анын айтымында, азыр баанын өсүшү, майда коррупция, отун-энергетикасындагы кризис элди жүдөтүүдө. Оппозициялык саясатчылар жер-жерлерде болуп, эл менен көзмө-көз жолугушуулардан кийин ушундай бүтүмгө келип жаткандыгын белгилешти. Өлкөдө ар тараптуу кризис болуп жатат деген коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында эки чоң коркунуч пайда болду деди:

- Биринчиси, телерадио жөнүндө абдан начар мыйзам кабыл алынды. Демократия чектелип, артка жылыш болду. Андан кийинкиси митингдер, демонстрациялар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Демек, жалпы эле саясий-атуулдук укуктар боюнча артка чегинүү болуп атат. Оппозициянын белдүү мүчөлөрүн куугунтуктоо уланып жатат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында азыркы бийлик адам укуктары жаатында мыйзамдарды эки башка максатка пайдаланып жатат:

- Буга окшогон эки стандартка, тандалма мыйзам пайдаланууга каршы биз күрөшүүбүз керек. Мына ушу “Де-факто”, “Алиби” гезитинин тагдырын, Кадырбековго каршы болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттерди биз көтөрүп алып чыксак, бул коомдук пикирге таасири тиет деп ойлойм.

Оппозиция жергиликтүү кеңештерге шайлоону көзөмөлдөө боюнча координациялык штаб түзүү чечимин да дал ушул акыркы чечиминде кабыл алды. Шайлоого катышууга дымак кылган партия лидерлеринин айтымында, азыр бийликтин таламын талашкан “Ак жол” партиясы жергиликтүү кеңештерде басымдуу орунга жетүү үчүн административдик ресурстарды эмитен эле пайдалана баштады. “Акыйкат үчүн!” кыймылы мындай аракеттер башка партиялардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт деп, мыйзам бузууларга каршы мыйзам чегинде аеосуз күрөшүүнү алдыга максат кылышты. Отурум “Эр айдоочу” уюмунун башчысы Качкын Булатовдун жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкот жарыялоо сунушун колдогон жок, кыймылга мүчө партиялар шайлоого катышуусу зарыл деген бүтүм чыкты.

Оппозиция ошентип, жайкы тыныгуудан кийин кайрадан жандана баштады. Бийликчил көз караштагы саясатчылар жана бийлик өкүлдөру оппозиция мамлекетке жана бийликке пайда бере турган иш кылбайт, анткени, булардын колунан сындагандан башка келбейт деп келатышат. Мындай көз карашын “Азаттык” менен кечээ “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Ибрагим Жунусов да бөлүштү:

- Күздө көрсөтөбүз деп атышат. Эми жаз менен, күз менен эле коркутуп келатышат. Жазда айтышкан былтыр, бийликти тынчтык жол менен өткөрүү болот деп. Ушинтип эле элге ар нерсени айта бербей, элге чындап жардам бербейби.

Жунусовдун баамында, оппозиция сын таккандан башкага жарабайт. Анткен менен, оппозициячыл саясатчылар азыркы бийликтин саясатын түп-тамырынан бери өзгөртмөйүнчө заман оңолбойт дешип, системаны алмаштыруу багытында мыйзамдуу күрөштөн кайтпай тургандыктарын бул отурумунда дагы бир ирет эске салышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG