Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

7:45 Бүгүнтөн тартып Бишкекте, Чүй жана Талас облусунда электр энергиясын колдонууга чектөө киргизиле баштайт


“Түндүкэлектро” ишканасы тараткан маалыматка караганда бул аймактарда суткасына сегиз сааттан ашык эмес убакытка электр жарыгы атайын график боюнча өчүрүлөт. Мындай тартип коргоо, саламаттыкты сактоо министрликтерине, жаза өтөө жайлар башкармалыгына, курорттук зоналарга, темиржол жана аба каттамдарынын обьекттерине киргизилбейт. Электр жарыгын өчүрүүнүн бекитилген графиги жергиликтүү жетекчилерге маалымдалат. “Түндүкэлектро” ишканасы электр жарыгын берүү чектелбеген июнь-июль айларында энергетиканы колдонуу чегинен ашып кеткендигин да кабарлоодо. Ага ылайык Бишкек шаары июнь айында 6 млн, июлда 5 млн кВт электр энергиясын ашыкча пайдаланышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG