Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

8:15 Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин мүчөлөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшөт


Бул тууралуу комитет мүчөсү, Ишенбай Кадырбековду боштондукка чыгаруу талабы менен уюштурулган ачкачылык чарасынын катышуучусу Токтобай Кадырбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда маалымат жыйынында Нарында ачкачылык кармап отургандардын абалы, акцияга карата жергиликтүү бийликтин жасаган мамилеси, иш-чаранын талабы тууралуу журналисттерге кеңири маалымат берилет. Нарындагы ачкачылык акциясына учурда жети киши катышууда.
Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптын негизинде камакка алынган. Кечээ ал Бишкек-1 СИЗОсунда жалгыз кишилик камерага которулган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG