Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

ОШ: БИЙЛИКТИН ЭРКИН ГЕЗИТТЕРДИ ЧЕКТӨӨСҮН КОЛДОГОНДОР ДА БАР


Жанарбек Акаев, Ош Ушу тапта “Де-факто” гезитинин айланасында соттук териштирүү толук аягына чыга электе, Ош облусунда чыгып жаткан «Кабар-Юг», «Жаңы заман», «Көк мөңгү» гезиттеринин баш редакторлору кечээ (20-август) маалымат жыйынын өткөрүп, анда «Де-факто» жана «Алиби» гезиттерин «демократиялык нуктан оолактап, сөз эркиндигинин чегинен чыгып кетишти» деп күнөөлөштү. Муну менен алар аталган гезиттерге миллиондогон айып салууларды колдоорун билдиришти. Бирок ошол эле учурда, маалымат жыйынына катышкан айрым эркин журналисттер муну «Бийликтин атайын эки гезитти каралоо максатында уюштурган саясаты» катары баалашты.

«Жаңы заман» гезитинин башкы редактору Эркин Кожогелдиев көз карандысыз “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө жарака кетирип, президенттин жана анын жакындарын негизсиз жамандаганы, бүтүндөй кыргыз басма сөзүнө доо кетирип жатат деп билдирди.

- Бул эки гезит Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетиргенге оңбогондой салым кошуп жатышат. Булардын максаты эмне? Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирип, эки элдин ортосунда жарандык согуш чыгаруубу? Соттун алдында өздөрүнүн актыгын далилдей албаса, биз, журналисттер аларды колдоп чыкмак белек? Булардын иш аракеттерин толугу менен айыптайбыз!

“Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы оорлоп баратат” деген айрым укук коргоочулардын камтамачылыгын Кожогелдиев четке кагып, сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок деп билээрин кошумчалады.

- Кыргызстанда басма сөз эркиндиги аябай өнүгүп жатат. Бийлик тараптан эч кандай чектөө жок, болгону - биз эркиндикти туура пайдаланбай, далилсиз, аргументсиз макалаларга гезит беттеринен орун берип, демократиялык принциптерге каршы иштерди жасап жатабыз.

Мындан сырткары Оштогу көз карандысыз гезиттердин башчылары, маалымат жыйынынын маанисин башка нукка буруп, президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин жакшы жактарын тизмектеп берүүгө өтүштү. К.Бакиев келген үч жыл ичинде өлкөбүз экономикалык-социалдык жактан жакшы натыйжага жетишип, жадагалса Олимпиададагы ийгиликтер да президенттин жакшы иштеп жаткандыгынан кабар берет экен. Бийлик туура жолдо баратат, деди “Көк мөңгү” басылмасынын редактору Төлөн Жакшыбаев.

- Бүгүнкү бийликтин жүргүзгөн саясаты абдан туура. Азыр бийликке нааразы болгондорго караганда, колдогон элдин саны көбүрөөк

«Жаңы заман» гезитинин редактору Эркин Кожогелдиев буларды кошумчалады.

- Мен президенттин саясатын мурдатан колдоп келгем. Журналист катары президенттин эң жакын жактоочусумун. Мен жетектеген гезит да президентти колдойт.

Өзбек тилдүү «Ахборот» гезитинин башкы редактору Барно Исакова бийликчил үч журналисттин пикирин бүтүндөй Оштогу көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн пикири катары кабылдоо туура эмес деп ойлойт. Анын ишениминде бул маалымат жыйыны бийликтин буйругун гана аткарып жатат.

- Эмне үчүн малымат жыйынын өткөрүшкөнү мага түшүнүксүз болуп калды. Бул эмне бийликтин заказыбы? Бул жерде 100 пайыз Бакиевдин саясатын рекламалап жатышты. Булар “Оштогу көз карандысыз журналисттердин баары Бакиевди колдойт” деген маанайда айтып жатышат. Көз карандысыз гезиттер буга макул эмеспиз.

Орто Азиялык «Оазис» интернет журналынын Кыргызстандагы өкүлү Алмаз Исманов журналисттердин саясатка аралашып, коомчулук алдында бийликти колдоого үндөгөн чакырыктарын туура эмес деп баалап, азыркы бийлик мурдагы Акаевдин бийлигинен эч кандай сабак албаганына өкүндү.

-Айрыкча, “Де-факто” менен “Алиби” гезиттеринин айланасындагы окуялардан соң азыркы бийлик мурдагы бийликтен эч кандай сабак албаган окшойт деген ойго келесиң. Көп учурда эски бийликти сындап жатышпайбы, өздөрү жасап жаткан иштердин, буга чейинкилердикинен эч кандай айырмасы жок. Ошондуктан Кыргызстанда сөз экиндиги өтө начар абалда деп ачык эле айтса болот, - дейт эл аралык интернет басылмада иштеген журналист Алмаз Исманов.
XS
SM
MD
LG