Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Т.САРИЕВ: ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН АК ҮЙДҮН 7-КАБАТЫНАН ЧЫГАРЫП КОЙСО БОЛОТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Ушул жылдын 5-октябрына белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго даярдыктар башталды. Коомчулукта бул шайлоонун таза өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор айтылууда. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жакындап келаткан шайлоолорго даярдыктар тууралуу маек куруп берди.

“Азаттык”: - Алгач айтсаңыз сиздердин партия бул шайлоого кандай даярдык көрүүдө?

Т. Сариев: - Кечээ партиянын саясий кеңеши чогулуп, бул шайлоого катышуу чечимин кабыл алдык. Азыр жер-жерлерде биздин партиялык уюмдар иш жүргүзүп атышат. Шайлоого чыга турган талапкерлердин тизмесин тактап, ким кайсы жерден жана кайсы күч менен чыгат деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз.

“Азаттык”: - Башка партиялар менен кызматташууга барасыздарбы?

Т. Сариев: - Ооба, бүгүн “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партиясынын жетекчилери, саясий кеңешинин мүчөлөрү жолугушуп, бул маселени сүйлөшөбүз. Ошондой эле анда өлкөдөгү саясий абалды да талкуулайбыз. Андан соң биз балким кандайдыр бир билдирүүлөр менен чыгабыз.

“Азаттык”: - Шайлоонун таза өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор айтыла баштады. Мындай күмөн саноолорго канчалык негиз бар?

Т. Сариев: - Толук негиз бар, ага былтыркы парламенттик шайлоо түздөн-түз күбө. Азыр дагы жер-жерлерден угуп жатабыз, “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүн гана өткөрөсүңөр деген көрсөтмө түшүп жатканын.

“Азаттык”: - Ушундай шартта бул шайлоонун адилет өтөөрүнө канчалык ишеним бар?

Т. Сариев: - Эми биз шайлоо таза өтүшү үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасайбыз, коомчулукту да ошого чакырабыз. Бул маселе эми ар бир айыл өкмөттөрдөгү шайлоо комиссияларында турган жарандарыбыздын позициясына байланыштуу. Эгерде алар чын эле мыйзам чегинде иштеп, биз ачык, калыс шайлоо өткөрөбүз деп бардык күчтү жумшасак, анда айкындык болушу мүмкүн. Эгер андай кыла албасак кошоматчылардын, бийликке жагынгандардын багыты менен кетип, бурмалоолорго, мыйзам бузууларга жол берилиши мүмкүн.

“Азаттык”: - Бурмалоолор, одоно мыйзам бузуулар көп болсо ал эмнеге алып келиши ыктымал?

Т. Сариев: - Албетте, бурмалоолор болуп, эл каалаган талапкерлер өтпөй калса нааразылык акциялары болушу мүмкүн. Эми бул жерде жалпы республикалык жыйынтыкты Ак үйдүн 7-кабатынан чыгарып койсо болот. Бирок ар бир айылдыкын биякка алып келип чыгара алышпайт да. Ошон үчүн көзөмөл да катуурак болот деген үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG