Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

КЫРГЫЗСТАНДА БИР ДАГЫ ОППОЗИЦИЯЛЫК ГЕЗИТ КАЛГАН ЖОКПУ?


“Фергана.ру” маалымат агенттиги “Белгисиз бирөөлөр “Де-факто” гезитинин башкы редакторунун көзүн тазалагысы келип жатат” деген макала жарыялады. Маалымат агенттигине мындай кабарды аталган гезиттин кызматкерлери билдиргенин, белгисиз бирөөлөр гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованы телефон аркылуу коркутуп-үркүткөнүн айтышкан. Бул боюнча Ч. Орозобекованын адвокаты Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Комитетине кайрылмай болууда.

Угармандарыбыздын эсине сала кетели “Де-факто” гезити акыркы жолу ушул жылдын 12-июнунда чыккан. Гезитке Бишкек шаардык салык инспекциясынын начальниги Таалайбек Далбаев жөнгүндө бир айымдын аны коррупцияга аралашып жүрөт деп күнөөлөгөн макаласы басылган. Макалада жазылгандарды иликтөөгө алган прокуратура макаланы жазган автордун ойдон чыгарылганын аныктап, жалган жалаа жапкандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу тиешелүү органдар тарабынан гезит редакциясына мөөр чапталып, 18-августта редакциянын мүлкү камакка алынган. “Фергана.ру” алган маалымат боюнча гезит жамааты эми иш издегенге өттү. Оппозиция “Де-фактонун” убактылуу жабылышын кыргыз бийлигинин оппозициялык басылмаларды Кыргызстандын маалымат рыногунан биротоло жок кылуу үчүн жасап жаткан аракет катары баалады. Ушу тапта өлкөнүн маалымат айдыңында бир дагы кыргыз тилдүү, бир дагы орус тилдүү оппозциялык басылма жок деп айтылат макалада.

“Борбор Азия” маалымат кызматы “Кыргызстандын финансы полициясы “Бактылуу белет” деп аталган лотереяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду дегенди укканда акыры Данияр Үсөнов да жасаган иштери үчүн жооп бере турган күн келди деп шаардыктар кубанган болучу, көрсө баары теңирден тескери жасалган амал тура” деп жазган Е. Авдеева аттуу автордун макаласын жарыялады. Макалада эң жогорку кызмат чөйрөлөрундө дагы эле чоң өлчөмдө кыстап пара алмай болуп жатканы айтылат да, эми чоң бизнестерге чабуул жасала баштаганын, буга мисал катары тиешелүү оперативниктер тарабынан “Газппромдун” Кыргызстандагы филиалы менен “Дордой” базарынын чабуулга алынып жатышы тартылган. Ушул жылдын 4-августунда “Дордой” базарын текшерүү учурунда базардын эки кампасынан 1 миң 380 кагаз жашиктеги лотерея белеттери табылган. Белеттерди алып келүү учурунда бажы эрежелери сакталбагандыктан аталган мекеме мамлекетке 1 млн. 579 миң сом зыян келтирген. Бушул иш КР кылмыш кодексиндеги 204 статьянын 1-беренеси менен “контробанда” аталып, кылмыш ишин козгоого себеп болду деп жазылат макалада. Күнөөлөнүп жаткандардын жасаган иштери далилденсе 1 миңден 5 миңге дейре айып пул төлөйт же үй-мүлкү конфискациялануу менен 2 жылга кесилип кетет белгилеп, ал эми ошол лотереянын автору, элдин сүймөнчүгү болгон Данияр Үсөновдун чекесине эчким черткен да жок, ал мурдагыдай эле финансы талап-тономоюн улантып жатат. Ал бардык чөнтөктөрдөн өзүнүн чөнтөгүн чоң деп ойлойт. Ойлосо ойлой берсин. Акыры ал дагы жооп бере турган күн келет жазды “Дордой” , “Газпром” жана Кыргызстандагы дагы бир бактысыз окуя жөнүндө” деген макаласында Е. Авдеева аттуу автор.

Ушул эле маалымат кызматы “Казакстандын банк тармагы чет өлкөлүктөрдүн колуна өтө баштады. Эмдиги кезек Кыргызстан менен Өзбекстандабы?” деген аталышта алматылык кабарчы В. Князевдин макаласына орун берди. Акыркы убактарда Казакстандын 5 банкы өз акцияларынан биротоло кол жууду деп жазылат анда.

Маселен “Казаккоммерцбанк” пакетинин 25 пайызын арабдарга сатса, АТФ банк пакетинин 100 пайызын италиялыктарга сатты. “Демир” банкка израилдиктер кирсе, “Тексако” банкына орустар келип кирди. Казак банктарын чет элдиктер ээлейт экен деп мурда эле айтып жүрүшкөн, бирок мынчалык тез арада болорун эчким болжогон эмес. Окуя эми мындан ары кандай өңүттө өнүгөрүн болжоп болбойт. Казак банктарын ээлгенге шыктанган чет өлкөлүк банкирлер эми сапарын Кыргызстан менен Өзбекстанды көздөй бурушу мүмкүн деп жазды.

“24.kg” маалымат агенттиги окурмандарга Барат Молдахметовдун “Борбор Азияда Түштүк Осетия кайталанышы мүмкүнбү?” деген макаласын сунуш кылды. КМШ өлкөлөрүнун мейкиндигиндеги окуяларга ой калчаган эксперт АКШ азыркы кездери бул өлкөлөрдүн башчылары менен өтө ийкемдүү, жекече иш жүргүзүп келатканын, мурдагы СССР курамына кирген мамлекет жетекчилеринин дээрлик баары Америка таасиринин кучагында калганын, глобалдашуу процесси акырындап конкреттүү өлкөлөрдү мамлекеттүүлүгү менен өз алдынчалуулугунан ажыратууга таасир тийгзип жатат дегенге негиз берерин, бүгүн алысты мелжеген бул саясат Борбор Азия элинин тархын ойдон чыгарып, бурмалап жаза баштаганын баяндайт. Ушунун жетегинде калган өлкөлөр эзелки карым-катыш, байланыш, коңшу жашагандыктарына карабай бири биринен оолактап, эркин болууну эңсеп, ага оңбогондой каражаттарын оңду-солду чачууда. Маселен Казакстан кыргыз тууганынан анын Каркыра жайлоосу менен көл жээгиндеги 4 пансионатын, 600 гектар жерин алып коюу менен тарыхый ката кетирди. Субъективдүү факторлор БА аймагындагы бири бирине ишенүүчүлүктү жана өз ара мамилелерди чыңдоого кызмат кыла албайт, демек бул багытта КМШдан тартып Жамааттык Кызматташтык Уюмуна чейинки көптөгөн институттардын жасай турган иштери толтура деп айтты. Ороусия эларалык укук нормаларын колдонуу менен буулуккан Грузияны “тынч жашоого” кийрүүгө мажбур кылды. Эми мына ушул институттар бири бирин анча кыртышы сүйбөй келаткан мурдагы ымаласы ысык поссоветтик өлкөлөрдү зыян алып келбегидей кылып жакындаштыруу механизмин иштеп чыкса болот, мындай механизмдин жолдорун талкууга алуу да зарыл деп жазды эксперт Б. Молдахметов аталган маалымат каражаты аркылуу.
XS
SM
MD
LG