Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨКМӨТ БЕРГЕН ЖЕР ҮЛҮШТӨН КЫЗЫЛ ТУУЛУКТАР КУР КАЛДЫ


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Жалал-Абад облусундагы канаттуулар фабрикасына тиешелүү бош жер аянттарынын башы бир нече жылдан бери ачылбай келатат. Мурда аталган ишканада иштеген Сузак районундагы Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн калкы өз жер үлүштөрүн талашканы менен андан майнап чыгаралбай убара болушууда. Айылда 5 миңге жакын адам турак-жай курууга муктаж. Алардын өкүлдөрү Жалал-Абад шаары жер үлүшүн ажыратып бербесе, чечкиндүү чараларга бара тургандыктарын билдирип, шаар башчыдан тартып өлкө президентине чейин билдиришти.

Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн турак-жайга муктаж жарандары эки күндүн биринде адилеттикти талап кылып, обулустук бийликке келишет. Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен алар мурда иштеген канаттуулар фабрикасынын жери Жалал-Абад шаарына өткөрүлүп берилген. Кыштактагы демилгелүү топтун мүчөсү Мидин Исаевдин айтымында, өкмөттүн андагы токтомунда Кызыл Туу айылына 8 гектар 30 сотых жерди ажыратып берүү жагы да каралган. Тилекке каршы, бир жыл өтсө да токтомдун аткарылбай жаткандыгына нааразы болгон айыл өкүлдөрү укук коргоо уюмдары, шаар башчыдан тартып, өкмөт, президентке дейре кайрылышканы менен андан майнап чыкпай келатат:

- “Ошонун жыйынтыгына али күнгө чейин чыга элекпиз. Бул жөнүндө бардык инстанцияларга тапшырып атабыз. Азыркы күнгө чейин чечилген жок, ошон үчүн келип жүрөбүз. Комиссия түзүлгөн, комиссиянын жыйынтыгы деле Кызыл Тууга жер үлүшү берилсин деп чыккан. Азыркы күнгө чейин ошол жок болуп атат”, - дейт Мидин Исаев.

Жердештери менен облбийликке бирге келген айыл өкмөттүн башчысы Асан Шакиров да Жалал-Абад шаардык жана тармактык бийликтердин, жер бөлүштүрүү боюнча обулустук комиссиянын кайдигерлигине нааразы. Анын белгилешинче, айылда турак-жайга муктаж болгон кишилерге жер аянты жетишсиз тейден калууда. Анткени, 1998-жылы жер титирөөдө жабыр тарткан «Ачы» өрөөнүнөн көчүрүлүп келинген 1200 кишиге Кызыл Туу айылынан жер берилген. Ал эми айылдын жергиликтүү беш миңге чукул тургундары ушул тапта турак-жайсыз жүрөт. Айыл өкмөт башчысынын айтуусунда, канаттуулар фабрикасынан тиешелүү жерден үлүш берилсе, элдин бир бөлүгү энчилүү болуп калмак:

- Биз жердин отуз пайызын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө берүү тууралуу шаар чечимин чыгарып берсин дегенбиз. Бирок андай болбой атат. Азыркы мэр дагы акыбалды түшүнбөйт окшойт. Мен бир-эки жолу кайрылганыма карабастан жер бөлүнүп бериле элек. Губернаторго кайрылам, болбосо 30 пайыз жерди элиме бөлүп берем.

Демилгелүү топтун башчысы Канат Байжумаевдин айтымында, чыдоонун чеги бүттү. Алар буга дейре жер бөлүштүрүү комиссиясы менен шаардык архитектура кызматынын кетүүсүн талап кылышкан. Эгер жер берилбей, талаптары аткарылбаса, шаар мэринин кабылдамасын ээлеп алуу максаты коюлуп, анда уруш-жаңжал чыкса, жоопкерчиликти жергиликтүү бийлик ээлери менен прокуратура, ички иштер кызматтары тартаары эскертилгендигин Канат Байжумаев ортого салды.

- “Жол тосуу, ачарчылыкка баруу, же болбосо Жалал-Абад шаар мэриясын толук басып алып, ушундай акцияларга чыгабыз. Курманбек Бакиевге дагы арыз жазылган митинг боюнча. Ушул нерсеге барабыз. Азырынча биздин маселен өкмөт аркылуу чечиле турган болуп калды. Ушунун чечилишин гана күтүп турабыз”, - деген Канат Байжумаев демилгелүү топтун жогоркудай чечимди кабыл алуусуна бийликтегилердин көңүл коштугу түрткү болгондугун билдирди.

Жалал-Абад шаарынын башчысы Тилек Акамбаев айылдыктардын пикири менен макул эмес. Анын жообу боюнча канаттуулар фабрикасына тиешелүү жер аянттарынан үлүш биринчи иретте көп жылдан бери тизмеде турган шаардыктарга берилүүдө:

- Ошол кезде Кызыл-Туу айыл өкмөтүнөн жерге муктаж болгон адамдардын тизмесин убагында алып келип, мындай келишимдер болду эле, ушуну карап, чечип берсеңер. Бул адамдардын баланчасына берсеңер деп кайрылыш керек эле да. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетекчилери убагында кайрылган эмес. Жарым жыл өткөндө келип туруп проблеманы коюп атышат. Ошончолук муктаж болсо убагында документтерди мэрияга жеткирип келип, алыш керек болчу да жерди. Азыр эми мен булардын талабына жооп бериш үчүн мурунку шаарда берилген чечимдердин көбүн жок кылып чыгышым керек. Ал менин колуман келбейт. Анткени бул сот аркылуу чечилиш керек. Сот карап, чечим чыгарып берсе, ошол соттун чечиминин негизинде болот.

XS
SM
MD
LG