Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

17:45 Бүгүн 14-августтан бери ачкачылык жарыялашкан И. Кадырбековдун тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту


Мындай маалыматты Кадырбековдун тарапташтарынын бири Таалайкүл Жусубалиева билдирди. Анын себеби, бийлик аскачылык акциясына эч кандай жооп берген жок, тескерисинче Кадырбековду жалгыз камерага которду. Андан сырткары ачкачылыкта отурган Улан Кадырбеков менен Догдурбек Акматовдун кан басымы абдан төмөндөп кеткен. Мурдараак ооруканага жеткирилген Канайым Бердибаева кайрадан акцияга катышуу үчүн келген. Бирок ачкачылык жарыялап отурган беш адамдын акцияны токтотууга чогуу чечим кабыл алышты. Ачкачылык жарыялап отурган жерде бир да жолу барбай туруп “АКИ-пресс” агенттигине туура эмес маалымат бергендиги үчүн Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Кадыркул Бугубаевди сотко берүү чечими дагы каралды. (JI)

XS
SM
MD
LG