Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, Вах шаарындагы заводдо бир эле учурда эки дарбазанын жанында эки жанкечти өздөрүн жардырып жиберишкен. Мындан эки күн мурда дагы Пакистандын түндүк-батышындагы Дераисмаилхан шаарындагы бейтапканалардын биринде жанкечти өзүн жардырып жиберип, жыйырмадан ашуун адам мерт кеткен болчу. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Талибан кыймылы алды.