Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Т.КАКЧЕКЕЕВ: ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨ МАМЛЕКЕТТИК БЕКЕМ ЭРК КЕРЕК


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Кыргызстан менен кошуна өлкөлөрдүн чек арасында “Достук-2008” деген атайын иш чара өтүп, анын соңунда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары талаштуу жерлер такталмайынча чарбалык иштерди жүргүзбөө, түшүнбөстүктөрдү жергиликтүү жетекчилер менен биргелешип чечүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул үч өлкөнүн чек ара аймактары ушул күнгө дейре такталбагандыктан чектеш аймактарда жашаган калк арасында ар кандай түшүнбөстүктөр болуп келгени белгилүү. Узакка созулган чек ара тактоо иштери болсо канча аягына чыгаары дале белгисиз. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде саясат таануучу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев менен чек ара маселелери боюнча сөз кылдык.

“Азаттык”: - Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арасын тактоо иштери минтип узакка созулуп кетишинин себептерин эмнеден көрөсүз?

Т. Какчекеев: - Чынында ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөп, өз максатына жетейин деген ой менен бул иш созулуп баратат. Ушул үч мамлекет тең эгемендикке жеткенине 17 жыл болду. Бул арада Өзбекстан эч кимден сурабай туруп эле чек арасын бекитип, тосмолорду коюу менен керектүү жерлерге куралдуу күчтөрүн топтоп, керектүү жерлерге аскердик-инженердик имараттарды куруп койгон. Алаксып калган тараптар болсо чек арасын бекемдөөгө үлгүрбөй калышты. Маселен Тажикстан жарандык согуштун айынан бул жолго бара албай калды. Ошентип бул маселе созулуп отуруп, азыр эми бири-бирине доомат коюп, кайсы мамлекет кимге карыз, кайсы жер кимге таандык деген маселелер чыгууда.

“Азаттык”: - Сиздин баамыңызда, минтип отурса чек ара тактоо иштери качан аягына чыгышы ыктымал.

Т. Какчекеев: - Эми бул маселе Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен болгон чек араларында чечилген көрүнүш болуп жатпайбы. Кыргызстан өз ыктыяры менен келишим аркылуу өз жерин алмаштырып жатат. Мына ушундай марттык көрүнүп калгандан кийин же ушундай жол ачылып калгандан кийин бөлөк кошуналарыбыз да биздин мамлекеттин келишимге келээрин күтүп отургандай сезилүүдө. Эми бул мамлекеттик өтө зор иш. Мына маселен Израиль алакандай жер үчүн канча жылдап урушуп-талашып келатат. Же Орусиядагы кызыкчылык, кечээки эле Түштүк Осетиядагы окуялар жерге, чек арага, аймактык бүтүндүккө болгон мамилени көрсөтүп жатпайбы. Менимче Борбор Азиядагы бул үч өлкөнүн чек ара тактоосу да дагы бир топко созулчудай.

“Азаттык”: - Чек ара такталмайынча талаштуу делген аймактарды өздөштүрбөй туруу боюнча буга чейин бир канча эки тараптуу макулдашуулар болгон. Бирок ага карабай эле кошуна тараптардын мындай аймактарды бир тараптуу өздөштүрүү аракеттери болуп жатканын айрым талдоочулар айтып келишүүдө. Мындай учурда кыргыз тарап эмне кылышы керек.

Т. Какчекеев: - Кыргызстан БУУ, КМШ жана ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын мүчөсү болгон соң мындай учурда жер талаштарга байланышкан маселени ошол уюмдар аркылуу чечиши керек. Ошондой эле эл аралык сот аркылуу чечсе болот. Бул үчүн кайрат жана мамлекеттик бекем эрк керек.

“Азаттык”: - Чек ара тактала электигинен ошол аймактарда жашаган элдин ортосунда жер, суу талаштары чыгып келгени белгилүү. Чек ара тактоонун созулушу ошол чыр-чатактардын ырбап кетишине алып келиши мүмкүнбү?

Т. Какчекеев: - Алып келиши мүмкүн. Үч өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын келишими ошондой кооптонуудан улам чыгып жатат. Анткени ортодо жалгыз гана чек арачылар калып калууда. Жогорку бийликтер, тышкы иштер министрликтери бул маселени саясий деңгээлде, эл аралык келишимдердин негизинде чечпеген соң, чек арачылар ушундай келишимге келишип, эгер кокус жаңжал чыгып кетсе өз ара токтотуп калабыз деген сөз болуп атат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жер-суу талаштары тээ Союз учурунда эле башталган. 1989-жылкы Баткендеги окуя эсибизде. Жер, суу өтө кымбат, барктуу нерсе. Бул үчүн кыргын-сүргүн болуп, элдер чабышып келгени белгилүү...

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG