Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

12:15 А.Абдырасулова: Баткен базарындагы соода кылгандар милиция кызматкерлерине нааразы


Бул тууралуу “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Кайгул күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен базарында соода кылган жана ал жерде араба сүйрөп оокат кылгандардан коркутуп акча алуусунан улам базарда күнүмдүк оокатын өткөрүп жүргөн атуулдар бүгүн нааразылыгын билдиришти. Ал ошондой эле Ленин районунун акими нааразы болгон сатуучулар менен жөндүү сүйлөшө албаганын кошумчалады. Абдырасулованын маалыматына караганда, окуяга күбө болгондордун айтымында 20-августта кечки саат алты чамасында Кайгуул күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери эки жаш жигитти кармашып, Некрасов көчөсүндөгү темир жол бекетине алып барышкан. Алардын бири Айбек аттуу 16 жаштагы баланын жанындагы 1050 сомду жана уюлдук телефонун милиция кызматкерлери тартып алалык дегенде, ал бекеттен качып чыгып жүрүп келаткан поездге барып урулган. Аны милиция кызматкерлери кара түстөгү таксиге салып ооруканага алып кетишкен. Бул окуяга базарда соода кылгандар нааразы болушканда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ф.Усенов баш болгон милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер базарга барышкан. “Бул окуянын чоо-жайын иликтеп, жыйынтык чыгаруу боюнча “Кылым шамы” укуктук борбору Ички иштер министрине жана тиешелүү кызматтарга кайрылат”,-деди Абдырасулова. (AJ)

XS
SM
MD
LG