Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

12:40 Бишкек ЖКБнин кыздар взводу шаар көчөлөрүнө көзөмөл жүргүзүшүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкек Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыкта аялдар взводу толук түзүлүп бүтө элек. Учурда тартип коргоо кызматындагы 10 кыз шаардын көчөлөрүнө чыгып кызмат өтөөдө. Аялдар взводу толугу менен сентябрь айында түзүлүп бүтөт. Субанов ошондой эле 15-19-августта Чүй, Ысык-Көл облустарында кыргыз-казак жол коопсуздугу боюнча кызматтардын биргелешкен рейдинде жол эрежесин бузган 523 факт катталганын, алардын сегизи алкоголь ичимдиктерин ичип авто унааны айдап кармалганын, 374 айдоочу ылдамдыкты күчөтүп жол эрежесин бузганын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG