Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

13:24 Электр жарыгын өзгөчө көп колдонгон абоненттер өчүрүлүүдө


“Түндүкэлектро” акционердик коому электр энергиясын үнөмдөө максатында үч фазалуу жарыкты колдонгон абоненттерди өчүрүүдө. Бул 2008-2009-жылдагы кышкы сезонго даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында катталган 96960 колдонуучунун 8000 жакынына бул кызмат убактылуу токтотулду. Бул иш-чара кыш мезгилинде күнүнө 4млн.кВт/с, айына 130млн.кВт/с электр энергиясын үнөмдөө максатында жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Кышкысын жөнөкөй абонент айына 400кВт/с колдонсо, үч фазалуу системаны иштеткен абонент 2000кВт/с чейин колдонот. Ошондуктан республикадагы баардык үч фазалуу колдонуучулар өчүрүлөт, деп “Түндүк электро” АКнын маалымат кызматынан билдиришти. (ImA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG