Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Эми Грузиядагы согуштук жаңжал тууралуу башка өңүттөн сересеп салалы. Орусиянын бийлиги Батышты, асыресе Кошмо Штаттарды, Грузиядагы жаңжал үчүн күнөөлөп келет. Алардын жүйөөсүнө караганда, Батыш өлкөлөрү Грузияны качандыр-бир НАТОго киресиң деп колдоого алып, эптеп тынч кармалып турган аймакты жаңжалга кириптер кылып койду. Бирок Батыш серепчилери Түштүк Осетиядагы алгачкы тирешүү Орусиянын мурдатан көздөп келген саясий мүдөөсүн аткарууга шылтоо гана болгонун, болочокто да Грузиянын демократиялык жеңип алууларын коргоо зарылдыгын белгилешүүдө.

Орусиянын Грузияга басып кириши Кошмо Штаттарда жана башка Батыш өлкөлөрүндө басма сөз бетин бербей курч талкууга алынган темалардан болду.

Алардын көпчүлүгү Орусияны бул баскынчылыгы үчүн аеосуз сынга алууда, бирок Маскөөнү эле эмес, Вашингтонду да сындагандар аз эмес.

“Уктап жаткан аюуну сайып итиркейин келтирген ким болду?” деген суроону батыш басылмаларынан четтен угууга же окууга болот.

Маселен, Эл аралык алакалар боюнча Кеңештин Орусия жаатындагы адиси Чарлз Купчан (Charles Kupchan) мырза Вашингтонду түздөн-түз айыптай албасаң да, Грузиянын президентине кош мааниде колдоо көрсөтүп, соңку жаңжалга шыкакчы болгон кадамдарга анын шыктануусу үчүн огожо болду деп Ак Үйдү сынга алууга болот деп санайт:

- Бир жагынан алганда, Вашингтон Саакашвилиге туура жүрүм-турумда бол, Орусияны Грузияга каршы күч колдонуу үчүн козутпагын деп айтып келди. Экинчи жагынан алсак, Кошмо Штаттар Грузиянын өтө жакын ынтымакташы болду. Ал Грузиянын аскерлерин машыктырып жатты. Грузия өзүнүн эки миң жоокерин Иракка жөнөттү. Менимче, АКШ менен тыгыз кызматташтык Саакашвилини ашыкча кадамга шыктандырып, өз күчүнөн артыкбаш нерсеге жетем деген кыялга эрдемсинтип койду окшойт.

Ал эми Түндүк Техас университетинин жаңжалды жайгаруу боюнча адиси Майкл Грег (Michael Grieg) болсо расмий Вашингтон Сербиядан жиктелген Косово аймагынын көз каранды эместигин таанып, Грузия менен Украинанын НАТОго кирүү тилегин колдоп, Ортоңку Европага ракетадан коргонуу системасын орнотуу камылгаларын жасап, ушундай кадамдары менен Орусиянын Батыш жана анын өнөктөштөрү менен тирешүүсүн жаратууга түрткү болду деген ойдо:

- Менимче, көп жагынан алганда, Орусия өзүн Батышка караганда экинчи сорттогу тарап катары карап жатышкандай сезди окшойт. Орусия, менимче, НАТОнун кеңейтилишин өзүнө каршы коркунуч катары кабыл алды. АКШнын ракетадан коргонуу системасын Чехия менен Польшага жайгаштыруу аракетин да өзүнө карата коркунуч көрдү. Менимче, ушул жааттан алсак, Орусия өзүн Батыш менен бир дасторкондо отурбай калгандай сезди.

Бирок тескерисинче, расмий Вашингтон пост-коммунисттик өлкөлөрдөгү, анын ичинде Грузиядагы реформаларды жана жалпы демократиялык жараянды тездетпестен, кайра ыкшоо жана өп-чап көмөгү аркылуу бул жараянды солгундатканга түрткү болду дегендер да бар.

Маселен, “Уолл Стрит Жорнел ин Юороп” (the Wall Street Journal in Europe) басылмасы 18-августта Роналд Асмустун (Ronald Asmus) макаласын жарыялады.

Брюсселде жайгашкан “Трансатлантикалык Борбордун” серепчиси Асмус Грузиядагы соңку согуштук жаңжалдан кийин бул өлкөнүн НАТОго кирүү критерийине кайрадан жетиши дагы көптөгөн жылдарды талап кылат, бирок Батыш бул өлкөнүн эгемендигин калкалап калуу жана коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кандайдыр-бир жаңы чараларды иштеп чыгышы керек деген пикирин билдирген.

Кандай болсо да, Батыш серепчилери Грузияны колдоого алуу керек, бирок бул колдоону Маскөөнү чоочуркатпастан жана, ошол эле учурда, демократиялык баалуулуктардан бир сөөмгө да артка чегинбестен жүзөгө ашыруу керек деп белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG