Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

15:05 “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековго кылмыш ишин козгоо эскертилди


Баш редактордун “Азаттыкка” билдиргенине караганда 21-августта Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү соттун чечимин аткарбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгой тургандыгын эскерткен. Биринчи май райондук соттун сот аткаруучуларынын көрсөтмөсү менен “Алиби” гезитинин тиражын басмаканадан чыгарууга тыйуу салынып, гезитке тиешелүү мүлктүн баарын 7-августта камакка алышкан. Буга сот он күндүн ичинде президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиевдин баласы Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сомду которуп коюу тууралуу чыгарган токтому себеп болгон. “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине жарык көргөн макалада адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин тиешеси бар экендиги тууралуу маалымдалган. Ал эми Асылбек Салиев болсо 26-февралда бул макалалар адамдык абийирине жана ар-намысына доо кетирди деп эсептеп, моралдык чыгым үчүн гезиттерден 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин айып пул төлөп берүүсүн талап кылган. Биринчи май райондук соту 8-июнда аталган гезиттен Асылбек Салиевге 1 млн. сом төлөп берүү тууралуу чечимин чыгарган. Гезит жетекчилиги Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жолдогон. Бишкек шаардык соту 18-июлда “Алиби” гезитине байланыштуу ишти карап, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Гезит жамааты бул маселе боюнча Жогорку сотко аппеляциялык арыз жолдогон. Бабырбек Жээнбеков оппозициялык маанайдагы “Алиби” гезитин жабуу аракетин көрүп жаткан кайсыдыр бир күчтөр Асылбек Салиевди колдонуп жатышат деген пикирде. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG