Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Ж. ТУРДУКОЖОЕВ: БИЙЛИКТИН САЯСИЙ КЫРААКЫЛЫГЫНЫН ЖОКТУГУ ӨЗҮНӨ ГАНА ЗЫЯН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Ата Мекен”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партиялары бири-бирин колдоп, бирге кзыматташа турган болду. Ошол эле учурда коомчулукта бул шайлоонун калыс өтөөрүнө күмөн саноолор да жок эмес. Ушул маселенин тегерегинде саясий серепчи, Социал-демократтар партиясынын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыктын” түз маегинде сөз кылды.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча партиялардын минтип кызматташуусунун натыйжасы кандай болчудай?

Ж. Турдукожоев: Албетте, оппозициялык маанайдагы бул үч партиянын кызматташуусу, башкача айтканда жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата баш кошуп, бир иштейли деген максатты коюшу бул абдан жакшы көрүнүш. Бул жакшы жыйынтыктарга алып келет. Бийлик тараптан жергиликтүү кеңештерде көпчүлүк орунду алууга мүмкүнчүлүк берилбесе дагы, бирок элдин шайлоо мурдагыдай эле өтөбү же жаңыча өтөбү деген күтүусүн ушул үч партиянын позициясы аныктап бермекчи.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча бул шайлоонун мааниси канчалык жана аны коомчулук кандай кабылдайт?

Ж. Турдукожоев: - Жергиликтүү кеңеш- экинчи баскычтагы демократиялык институтка карата шайлоо болсо дагы бул элдин ишеничин көп жагынан өзгөртө турган шайлоо болуп эсептелет. Себеби бул шайлоо, менин оюмча, алдыда боло турган президенттик шайлоонун алдындагы генералдык репетиция болмокчу. Бул биринчи кезекте бийлик тарабынан дагы жүргүзүлүп жаткан иштерге карата бийликтин өзүнүн ал-акыбалын, аракетин, саясатын дагы билдирет. Экинчи жактан, эмки президенттик шайлоого карата оппозициялык маанайдагы партиялардын даярдыгын, мүмкүнчүлүгүн, ресурстарын, анан элдин ишеничине кандай ээ болуп атат ошол жагын да көрсөтөт.

“Азаттык”: - Коомчулукта бул шайлоонун калыс өтөөрүнө күмөн саноолор да жок эмес. Шайлоонун адилет өтөөрүнө канчалык ишеним бар?

Ж. Турдукожоев: - Албетте, бул шайлоо эч качан адилет өтпөйт. Себеби өткөн жылдагы декабрдагы шайлоодон кийин деле Кыргызстанда шайлоо адилет, калыс өтөөрүнө мүмкүнчүлүк болбойт. Андай ишеничтен биз алыстап, муну туура түшүнүшүбүз керек. Бийлик мүмкүн болгон аракетин жасайт, жергиликтүү бийликтерде, мамлекеттик органдарды, структураларды, бүт чиновниктерди мобилизациялайт. Колдон келишинче “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүн өткөргөнгө аракет кылат. Бул үчүн бийлик албетте, административдик ресурстарды, финансылык ресурстарды дагы, башка ыплас ишти дагы колдонот. Бирок мындан биз коркпошубуз керек. Аны биз көрүп деле калбадыкпы. Мамлектти сактап калабыз, элибиз үчүн, авторитаризмден кутулабыз деген адамдар мүмкүн болушунча баш кошуп, ушул шайлоодо тикеден тике өздөрүнүн пикирлерин, позициясын билдириш керек.

“Азаттык”: - Эгер ошондой бурмалоолор көп болсо, анын арты эмнеге алып келиши ыктымал?

Ж. Турдукожоев: - Албетте, ал жакшылыкка алып келбейт. Мына биз өткөндөгү шайлоордун арты эмне менен бүтөөрүн биринчи кезекте өзүбүздүн тажрыйбабыздан көрбөдүкпү. Ушундай эле тажрыйбаны биз чет өлкөлөрдөн дагы көрүп атабыз. Бирок ошондон убагында жыйынтык чыгаруу - саясий кыраакылык болуп эсептелет. Биздин азыркы бийликтин саясий кыраакылыгынын жоктугу, албетте, өзүнө гана зыяндуу кесепеттерди алып келмекчи.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG