Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

ОБОН СОЗГОН ОМА АМЕРИКАНЫ БАГЫНДЫРДЫ


Кыргызстандык эстрада ырчысы Ома АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн аткаруучулук өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк конкурста жеңүүчү болуп кайтты. Угуучуларына "Ома" деген ат менен таанымал Өмүрбек Андарбеков конкурста дароо үч номинация боюнча үч алтын медаль, бир номинация боюнча күмүш медаль жана чемпиондук төрт орундун экөөнү олжолоп алды. Мындай жеңиш бүтүндөй өлкөгө зор аброй алып келээрин айткан Маданият министри Султан Раев, мамлекет тараптан маданият ишмерлерин колдоо күчөтүлөөрүн билдирди. Ал эми айрым адистердин айтымында, кээ бир учурларда гана мамлекет тараптан колдоо байкалганы болбосо шоу-бизнес өзү менен өзү эле өнүгүп келатат.

Кыргызстандык эстрада ырчы Ома дал ушул “Сары ой” аттуу ырды музыканын коштоосу жок ырдап, конкурстагы 12 номинациянын бири болгон “Оригиналдуу музыка” номинациясын жеңип, алтын медаль тагынды. Оманын калган үч номинация боюнча жеңиши англис тилинде ырдаган ырлары үчүн берилди. Негизги сыйлык болуп эсептелген чемпиондук төрт орундун экөөнү жеңип алган ырчы, бул конкурска Кыргызстандан барган жалгыз ырчы. Оманын айтымында, бул конкурска катышууга Кыргызстандын расмий уруксат кагазы болбогондуктан, конкурска Казакстан аркылуу барган. Бир топ тоскоолдуктарга туш болуп, сүйлөшүүлөр аркылуу Кыргызстанды тизмеге коштурганын айткан ырчы мындай дейт:

- Америкага баргандан кийин абдан чоң проблема болду. Себеби, өзүмдүн дайын-дарегимди Казакстан аркылуу жөнөткөндүктөн, алар анча-мынча так иштебей коюшканбы, тизмеге Кыргызстан кирбей калыптыр. Эми Казакстан тарапты деле азыр күнөөлөгөн болбойт. Ал жактан каттоо башталган учурда бардык өлкөлөрдү айтып, Кыргызстанды чакырышкан жок. Анан мен эмнеге чакырган жок деп каттоо кылып жаткан жерге барсам, терезесин жаап атышыптыр. Мен терезени жаптырбай туруп алдым, колумду тосуп. Менеджериңерди чакыргыла дедим. Аларга, “5 миллион калктын үмүтүн талкалап атасыңар, Кыргызстандан жалгыз өкүл болсом ушинтип атасыңар, мунуңар туура эмес. Бул силердин тактыгыңардын жоктугу”,- деп дооматымды айттым. Анан алар конкурстун башкы президентин чакырышты. Мен анын кеңсесинде 45 мүнөт сүйлөшүп, бардык жагдайды, көйгөйүмдү түшүндүрүп, интернеттен мен жөнөткөн дайын-даректеримдин бардыгын көрсөттүм. Ошондо гана ал менден кечирим сурап, Кыргызстанды конкурска кошту.

АКШнын “Star TV” телеканалы уюштурган бул дүйнөлүк конкурска бул жылы 64 өлкөнүн ырчылары барган. Маселен, Казакстандан 30 ырчы, Орусиядан 20, Украинадан 16, Армениядан 12 ырчы барган. Конкурска жалпы үч жүздөн ашуун ырчылар катышкан.

Маданият министри Султан Раевдин пикиринде, соңку кездерде бийлик маданият ишмерлерин колдоону күчөтүүдө. Ырчыны зор жеңиши менен куттуктаган министр мындай деди:

- Он эки номинациянын төрт номинациясы биздин жигитибизге берилди. Үч алтын медаль, бир күмүш медаль алды. Бул биз үчүн аябай чоң жеңиш. Өзүңүздөр билесиздер, акыркы кездерде Маданият министрлиги биздин эстрада жылдыздарды колдоп, Омар, Нена сыяктуу ырчыларыбызды конкурстарга жибердик. Биз аларга багыт берип, такай иштеп атабыз.

Эстрада чөйрөсүнө көптөн бери аралашып жүргөн продюсер Ильяс Адамовдун пикиринде, кыргыздын өсүп келаткан ырчыларына кээ бир учурларда гана бийлик жардам бергени болбосо, системалуу түрдө эстрада жанрын колдоо байкалбайт:

- Менин оюмча бизде ырчылар катуу аракет кылып атышат. Берилип, өздөрү эле иштеп атышат. Оманы мен жакшы тааныйм, абдан таланттуу ырчы. Таланты ташкындай берсин демекчимин. Ушул конкурска да ал өз күчү менен барып келген экен. Негизи керек учурда гана кээде бийлик жардам бергени болбосо, жалпысынан биздин ырчылар өздөрү аракет кылып, өздөрү демөөрчүлөрдү таап, катуу иштеп атышат.
XS
SM
MD
LG