Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

А.МАМАСАЛИЕВ: МИНИСТР М.КАЙЫПОВДУН ГУИН БОЮНЧА САЯСАТЫ ТУУРА ЭМЕС


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Жакында эле өлкөнүн айрым абактарында баш-аламандыктар чыгып, алар атайын кызматтардын жардамы менен жөнгө салынганы коомчулукка белгилүү. Эркинен ажыратылган адамдар кармалган жайлардагы мындай чуулгандуу чыр-чатактардын себебин терең аныктоо керек деген пикирлер басымдуулук кылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев Чүй облусундагы бир катар абактарды кыдырып чыккан эле, азыркы маегибиздеги сөздү ошол жаза өтөө мекемелериндеги абалга бурсак.

“Азаттык”: - Алгач абактарды кыдыруунун жыйынтыгы тууралуу сөз кылсак, сиздин байкоонузда абактардагы абал кандай экен?

А. Мамасалиев: - Ачык айтыш керек, акыркы он жылдын ичинде ГУИН (Жаза өтөө жайлар башкармалыгы - авт) системасында көп укук бузууларга жол берилген. Ошондуктан май айында Жогорку Кеңештин буйругу менен биз Чүй облусунда жайгашкан колонияларды кыдырып келгенбиз. Анын жыйынтыгы катары биз ИИМ жана ГУИН жетекчилерин чогултуп, бир топ тапшырма бергенбиз. Ошонун арасында ГУИНде кызмат кылган адистерге оперативдүү байланышка чыгууга шарт түзүп бергенге, экинчиси өмүр бою жана өлүм жазасына тартылган адамдар башка соттолгон жарандар менен бир режимде отурганга каршы болгонбуз. Анан ошол ГУИНде кызмат кылган кызматкерлерге каражат жагынан жардам бериш керек деген бир топ тапшырмалар берилген.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча, абактардагы баш аламандыктардын чыгышынын себептери эмнеде?

А. Мамасалиев: - 2005-жылда болгон Жогорку Кеңештин депутаты өлтүрүлгөн окуяны баарыбыз билебиз, менин оюмча бул ошонун уландысы. Бүгүнкү күндөгү оор экономикалык абалда биздин мамлекет ГУИН системасына чоң көңүл бурушу керек. Бүгүнкү күндө министр Марат Кайыповдун тандаган ички саясаты туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан мен дароо эле ачык прессага маалымат бергем, ошол болуп аткан окуянын себеби - бул биздин министр жана анын орун басары Сергей Зубов жоопкерчиликти моюндарына толук алышы керек деген.

“Азаттык”: - Абактардагы мындай баш аламандыктан 2005-жылы ошол кездеги парламент депутаты Тынычбек Акматбаев өлүмгө кабылган эле. Бир канча адамды өмүрүнөн ажыраткан ошол окуядан кийин абактардагы абалды ондоо боюнча иштер жүрө баштаган эле. Ошол иштердин натыйжасы азыр байкалабы?

А. Мамасалиев: - Жалпы республика боюнча сөзсүз өзгөрүүлөр болуп атат. Бирок жакында бюджетти караганда тилекке каршы, жаңы оперативдүү бөлүмдү түзүп, бирок күзөт кызматынан 4808 сомду кайра кыскарткан. Мунун себебин сурасам, биздин министр так жооп бере алган жок. Ошондуктан, мен албетте, бул туура эмес жүргүзүлгөн саясат деп ойлойм.

“Азаттык”: - Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG