Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

АННЕ-МАРИЯ СЛОУТЕР: ОРУСИЯ ГРУЗИЯГА АСКЕР КИРГИЗИП, БУУнун ХАРТИЯСЫН БУЗДУ


Амирбек Усманов, Прага Ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү Орусия-Грузия арасындагы макулдашууга карабастан, орусиялык аскерлер Грузиядан толук чыгып кете элек. Алардын Грузиянын аскерий жайларын кыйратып, кемелерин чөктүргөнү, согуштук базаларына абадан чабуул урганы жөнүндө кабарлар бар. Орусиянын Грузиядагы аракеттери эл аралык мыйзамдарга коошобу? Бул жөнүндө АКШнын Принстон университетинин деканы, эл аралык мыйзамдар боюнча эксперт Анне- Мария Слоутер «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кабарчысына интервью берген.

«Азаттык»: - Орусиялык аскерлердин Грузияда жасагандарын окуп да, угуп да жатасыз. Бул эл аралык мыйзамдарды бузуу эмеспи?

Слоутер: - Маселе, орус аскерлеринин иштерине кайсы өңүттөн караганга байланыштуу. Алар Түштүк Осетия жана Абхазиядан ары Грузиянын жерине өтүп, алиге чейин ошол жакта. Эгер орус аскерлеринин Грузияга таандык жерлердеги чабуулдары жөнүнүндөгү кабарлар ырас болсо, бул - Улуттар Уюмунун Хартиясын бузуп, бөтөн өлкөгө басып кирүү. Бул аскердик күчтөрдү башка мамлекеттин саясый күнкорсузудугуна жана территориясынын бүтүндүгүнө каршы пайдалануу болот.

Бул бейчекилик боюнча чоң талкуу башталганы турат. Себеби, алар тынчтыкты камсыздоочулар турган аймакта биринчи болуп күч колдонгонуна жооп кайтарышкан. Ошон үчүн бул өзүн же мекендештерди, алтүгүл эл аралык деңгээлде макулдашылган күчтөрдү коргоого көбүрөөк окшоп кетет. Андыктан, жооп кайтарууну мыйзамдуу деп айтуу, албетте, талаш туудурат.

Бирок Грузиянын күч колдонуусун жана орус аскерлеринин жооп кайтаруусун коюп, Орсиянын «грузиндерге берген сабагына» келсек, бул - албетте, баскынчылкка окшойт. Бул башка өлкөнүн бүтүндүгүнө жана саясый күнкорсуздугуна каршы мыйзамсыз күч колдонуу. Бул Улуттар Уюмунун Хартиясынын 24-беренесин бузуу.

«Азаттык»: -Ок атышпоо жөнүндө Орусия кол койгон келишимине карата пикириңиз кандай? Келишимди бузуу мыйзамсыз болуудабы? Үстүбүздөгү жумада Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер ”Биз мындай наамалыкка, эл аралык мыйзамды чанууга макул эмеспиз” деди. Ал Улуттар Уюмунун Хартиясы же ок атышууну токтотуу келишими жөнүндө айттыбы?

Слоутер: - Кушнер Улуттар Уюмунун Хартиясына таянып сүйлөдү го деп ойлойм. Ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу- келишим эмес. Ал эл аралык нормалардан алып караганда юридикалык жактан эч нерсеге милдеттендирбейт. Орсия өз шартын ачык айтты. Бирок ал юридикалык күчкө ээ эмес. Анткени, келишим тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин гана мыйзамуу күчкө ээ болот.

Эл аралык нормаларга ылайык, сиз башка бир өлкө менен өз ара түшүнүү меморандумуна кол коё аласыз. Мындай келишимдин юридикалык күчү жок болот. Ал келишимге кол койгон президентти же тараптарды гана милдеттендире алат. Бирок анын мыйзамдуу күчү жок.

Орсиянын аскерин башка мамлекетке каршы колдонуусу, береги макулдашууну түрдүү амалдар менен аткарбай жатканы жана жасалбачу иштерди жасаганы- эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналат деп ойлойм.

«Азаттык»: - Оруссиянын Грузиянын аймагында тагыраак айтканда, Түштүк Осетия менен Абхазиянын тыш жагындагы «буфердик зона» деп аталган тилкеде калуусу да мыйзамсызбы?

Слоутер: - Бул да мыйзамсыздык. Береги эки аймак иш жүзүндө Грузияга баш ийбегени менен алиге чейин Грузияга таандык. Өзүн өзү күнкорсуз деп жарыялоо укугу өтө чиелешкен маселе. Ошон үчүн аймакта аны көзөмөлгө алууга даяр Грузиянын арачы күчтөрү бар. Эл аралык кормалар боюнча талаштуу маселе күч колдонулбай жөндөлүшү керек. Бирок эл аралык мыйзамдар негизинен жикчил топтордун өз алдынча мамлекетпиз деп жарыялаганын колдобойт. Косово маселесинин татаалдыгы да ушундан улам болууда. Орусия ошон үчүн Косовону таануу мыйзамсыз деп талашып, «Эгер Косово өз алдынча боло алса, силер Косовонун күнкорсуздугун тааныганыңардан кийин, биз эмне үчүн Абхазия менен Түштүк Осетия эгемендигин тааныбайт экенбиз? Булардын эч айрымасы жок», деп жатпайбы?

«Азаттык»: - Деги алардын айрымасы барбы?

Слоутер: - Алардын айрымасы бар. Косового каршы агрессия Грузиянын Түштүк Осетияга аскер жөнөтүүсүнө такыр окшобойт. Косоводо мурдакы Югославиянын башка республикаларындагыдай эле узак жылдар адам укугу бузулган, этникалык тазалоонун ачык үлгүлөрү болгон. Косово, арийне, күнкорсуз деп таанылды. Бирок Косовону башка өлкө ээлеп алганча Европа Биримдигине сөзсүз мүчө болосун деген алдын ала шарт коюлган. Бул чоң айрыма.

Бул жерде да чиелешкен суроолор бар. Орсия арачы аскерлерин жөн гана Түштүк Осетия менен Абхазияда кармап турса сонун болмок. Ал жакка Грузия аскерлерин жибергенден кийин, маселе дагы оорлоду. Басып алынган жерлердеги элдин айрым бөлүгү Орусиянын курамына кирүүнү каалабаса да, жанагы «буфердик» деп аталган зоналар акырындап Орусиянын аймагына кошулчудай сыяктуу.

«Азаттык»: - Сиз Орусиянын Кошмо Штаттарды эл аралык мыйзамдарды бузуп жатасыңар деген айыптоосуна кошуласызбы? Себеби, АКШнын өзү да 2003- жылы Иракка басып кирди деп айыпталып жатпайбы.

Слоутер: - Орусиянын көз карашы боюнча, орусиялыктар Кошмо Штаттары Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин уруксаты жок туруп, башка мамлекетке басып кирди деп айта алышат. Көпчүлүк адамдар, анын ичинде мен өзүм да, биз эгер Иракка кирчү болсок, Улуттар Уюмунун макулдугу керек эле деп санаймын. Мындай аргумент: эгер кайсы бир мамлекетке мүмкүн болсо, эмне үчүн экинчи бир мамлекет аны жасай албайт экен дегенге окшоп кетет.

«Азаттык»: - Менин оюмча, Орусиянын премьер- министри Владимир Путин ошондой жүйөөсүн айтты го..

Слоутер: - Мен (Путиндин) антип айтканынан күмөн санабайм. «Силер өзүңөр Улуттар Уюмунун Хартиясын бетке тутуп, өз өлкөңөрдү коргогондон башка учурда Улуттар Уюмунун макулдугу жок күч колдонбойбуз деп сөз бергенсиңер», -деп актануу үчүн маселени юридикалык жактан чечип алуу керек. «Ырас, бул эми такыр башка» деп айтуу өтө кыйын.
XS
SM
MD
LG