Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Жумалык “Талант тагдыры” музыкалык түрмөгүнүн жаңы саны дүйнөлүк ысымдагы алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына жана жаркын элесине арналат. “Азаттыктын” кабарчысы Балбай Алагушов мындан 46 жыл мурда улуу жазуучунун шык учкунун жаныша, темир ооз комуздун, үч кылдуу комуз күүлөрүнүн бүтүндөй руханий жан дүйнөсүн таштап коюп, кумарлана угушуна бирден-бир себепчи болгон өңүндө жүзү, оозунда бал татыган сөзү бар, темир ооз комузду таңшыта каккан, уккандардын жарпын жазып, чечекейлерин чеч кыла сүйлөгөн, жомокчу чоң энеси Айымкан жөнүндө Чынгыз Айтматовдун өз оозунан тасмага жазып алган.

Мен элүү жылдан бери кыргыз музыкасын ар тараптан иликтеп, казанында кайнап келатам. Жеке менчик казынамда тасмага жазылган миң сааттан ашык кыргыздын элдик музыкасынын туусу болушкан залкар шайырлар: Саякбай, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Сайид, Шекербек баштаган ондогон комузчу, ырчы, төкмө акын, дастанчы, кыл кыякчы, чоорчулардын ырдаган ырларын, тарткан, черткен күүлөрүн, айткан дастандарын, тамашалуу сөздөрүн, эскерүүлөрүн, ошондой эле аттуу-баштуу акын, жазуучулардын, окумуштуулардын ойлорун, пикирлерин, алардын эки миңден ашык ар кыл мезгилде түшүшкөн сүрөттөрүн көзүмдүн карегиндей сактап келем. Алардын күүлөрүн, дастандарын укканымда, сүрөттөрүн көргөнүмдө эмнегедир бетме-бет баарлашып отургандай өзүмчө ырахатка батам…

1962-жыл. Сентябрь айы. Ал кезде мен Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштөөчүмүн. Академик Азиз Салиев телефон чалып “Балбай сенде маркум Молдокемдин (Карамолдонун-авт) күүлөрүнүн тартыхтарын айта отуруп, черткен күүлөрүнүн тасмасы бар экен. Өзүң жакшы билесиң, мен күү дегенде ичип жаткан ашымды таштай коюп угарымды. Мен Асанканды, Чыңгызды, Мухтарды чакырайын. Алар да угушсун. Эртең саат экиде кел”, - деди Азиз Абдыкасымович. Мен макул дедим. Тилекке каршы ал күнү келе албай эртеси 15-сентябрда болжошкон убакта Молдокемдин тасмага жазылган күүлөрүн, үн жазгыч аппаратымды (магнитофонумду) көтөрүп алып азыркы Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жашаган Азиз агайдын үйүнө келдим. Келсем Асанкан, Чыңгыз, Мухтар агайлар бар экен. Ал кезде Чыкемдин “Тоолор жана талаалар повесттери” аттуу китеби чыгып, жазуучулардын, сынчылардын арасында кызуу талаш-тартыштарды туудуруп жаткан кези эле.

Молдокемдин күүлөрүн угуза баштадым. Асакем, Азикем, Чыкем, Мукем Молдокемдин сөзүн, күүлөрүн үн катышпай ушунчалык таңдануу, ушунчалык кумарлануу менен угуп жатышты. Тасманын акырында Молдокемдин балалыкка арналган “Өттү, кетти балалык” деген күүсүн сөзү менен уккандан кийин, улуу акын, залкар комузчу Токгулдун кызы Гүлсара менен уулу Бабажандын темир ооз комуз менен комузга чыгарган “Атабыз болсочу” деген күүсүн угуздум.

Күү бүтөөрү менен 34 жаштагы Чыкемдин эсине балалыктын балдай таттуу күндөрү түшүп кеттиби, ал:

- Эми эле темир комуз менен комуздун кайымдашып (дуэттешип) чертилген күүнү уктук. Ошол күүнү укканымда мен чоң энемди эстедим. Силер күлбөгүлө. Ар бир нерсенин турмушта тарыхы болот турбайбы. Таласта биз жакта темир комузду комуз, ал эми комузду чертмек дешет. Менин чоң энем айылда абдан барктуу, абдан кадырман жакшы киши эле. Өзү да келишкен өңдүү түстүү болучу. Мен кичинекей баламын, чоң энем болсо ал кезде 60 жашка чыгып калган куракта экен. Энем өтө сөзмөр, жомокту көп билген, жакшы айткан чоң жомокчу, темир ооз комузду жакшы каккан шайырдан болчу. Чоң энемдин тийгизген таасири бүгүнкү күнгө чейин мага жардам берип келе жатабы деп көп ойлойм.

Анткени кичинекейимден мени жомокко көндүрүп, кийин менин жомокко өч болушума чоң таасирин тийгизди деп эсептейм. Себеби мен күн- түн дебей эле жомок айтып бер деп апамдын жанын койбой кыйнай берчүмүн. А кишинин жомогу көп болоор эле. Бирок жомок да түгөнөт да. Анан айласы кеткенде мен азыр тук этип алайын, анан түшүмдү айтып берем дечү. Мен макул дечүмүн. Анан жаңыдан эле көзү илинип кеткенде апа, тур-тур, түшүңдү айтып берчи дейм. “Алда кокуй балам ай, жаңыдан эле көзүм илинип кетти эле. Кичине кое турбайсың”, - деп кейисе, мен болду, болду айтып берчи деп кыйнаймын. Анан апам бир нерселерди оюнан чыгарып айта берүүчү. Мен көрүп, билип аралашып жүргөн кишилерден Айымкан чоң энемди унута элекмин. Анткени ал мени жомокко үйрөттү.

Экинчиден, темир ооз комузду жакшы ойноочу. Тээ жайдын толуп турган кезинде күн ысыкта, чак түштө малдар жуушап, элдин баары өзү менен өзү көлөкөлөп жүргөн кезде, айылда эч ким жок. Айылдын четинде боз үй турар эле. Мен чоң энем экөөбүз үйдүн көлөкөсүнө отурчубуз. Чоң энем темир комузду какканда бүт дүйнөнүн баары бейпил болуп, асмандагы булуттар да көчүп келе атып, токтоп тыңшап калгандай сезилчү эле. Качан, кайсыл убакта болсо да темир ооз комуздун күүлөрүн уккан чоң энем Айымкандын өңү башын, сүйлөгөн сөздөрүн, жайкы күндөрдү эстейм. Анан өзүмдүн бала чагымды элестетем.

Мен муну менен эмнени айтмакчымын... Музыка, күү адамга жолдош. Биз аны көп сезе бербейбиз. Күүнү укканымда өткөн- кеткендерди эстейм. Көрсө, күүнүн таасири өтө күчтүү турбайбы. Анын жардамы менен өтөгөн өмүрүңдүн баардыгы көз алдыңа дап-даана тартылат тура.


- Чыке, ошол музыканын таасири менен кээде ырдап да койчу экенсиз десем, анда ал:

- Ооба, ал турсун 1948-49-жылдары радиого да чыгып ырдаган күнүм бүгүнкүдой эсимде. Мен орусча ырларды, кыргызчага которуп ырдоочумун. Ошол кезде жаштардын арасында “Выйди на крылечко ты мое сердечко” орус ыры өтө көп ырдалуучу. Мен окуган айыл чарба институтунун студенттеринин баары ооздорунан түшүрбөй кыргызча, орусча ырдашчу.

- Эсиңде калгандары барбы?

- Азыр эсимде калган саптары жок. Алардын жарымын казакча, жарымын калкатайым, малкатайым деп ырдоочумун. Бир жолу казак консерваториясынан айыл чарба институтуна бир киши келип калды. Көрсө ал ырдаган таланттуу жигиттерди консерваторияга тандап алганы келиптир.

- Сени окууга алам дедиби?

Жок. Мен аябай аракет жасадым. Консерваториядан келген мугалим бош аудиторияга отуруп алып балдарды бир-бирден ырдатып тандап атты. Эмнеси болсо ошо болсун деп мен да кирип күчүмдүн бардыгынча ырдадым. Бирок ырдаган ырымды аягына чейин ырдаган жокмун. Аракетим өтө күчтүү болду. Тилекке каршы, андан эч кандай майнап чыккан жок, - деп Чыкем көрүнүктүү философ, кыргыз күүлөрүнүн чыныгы күйөрманы, академик Азиз Салиевге мындайча собол менен кайрылган эле:

- Кана, Азике мен баятан бери бир нерсе деп сүйлөдүм. Сиздин жанагы Ала-Тоого карата айткан сөздөрүңүз, күү жөнүндө айткан ойлоруңуз абдан терең жакшынакай болду. Же ошолорду айтасыңбы, же мага окшоп бирдемелерди айтасыңбы?

- Азиз Салиев:

- “Күү болсо менин жеке турмушумда өзгөчө орунду ээлейт деп ойлойм. Тагдыр ушундай экен, мен комузду үйрөнө албай калдым. Төрөлгөндөн бери комуздун күүлөрүн жакшы көрөм. Классикалык музыкаларды укканда эле биздин күүлөр дайыма эсиме келет. Кыргыз элинин турмушунда, тагдырында, тарыхында кыргыздын Ала-Тоосу өзгөчө ылайык. Мен Ала-Тоосуз кыргыздын турмушун, жанын, жүрөгүн, оюн, сезимин элестетип көрө албайм. Ошондуктан Ала-Тоо кыргызга канча ыйык болсо, кыргыздардын чыгарган күүлөрү да ошондой ыйык деп эсептейм. Кечээ Балбай менен Асанканды күтүп эригип отуруп Ала-Тоо, комуз күүлөрү жөнүндө өз оюмду чийип койдум. Мен дагы комуздун күүлөрүн укканымда, Чыке жана сен темир комузду укканда жайлоону эстегендей, мен да жайлоонун толуп турган кезин элестейм. Эмнегедир Тосордун жайлоосунун үстүнөн желе тартып, учуп бараткан каркыралар эсиме келет”, деген Азикем капыстан сурап калды “Ой, Балбай тоңдук Бектур деген комузчу абышка эче жашка келип калды?

- 68 жашта.

- “Мен 8-9 жашымда комузчу Бектурду Тосордун башынан көрдүм. Ошондо Бектур жигит болсо керек. Андан кийин көргөн жокмун. Жанагы биринчи жана экинчи черткен күүлөрүнүн темалары бири-бири менен жиктешип өнүгүп турат. Бир сөз менен айтканда Бектур өз мезгилинин чыгаан комузчусу эле”, - деп сөзүн жыйды академик Азиз Салиев.

Аттиң ай, аттиң Чыкем бүгүн мындан 46 жыл мурун тасмага жазылган үнүн, айткан кептерин укса, жаштыгын эстеп, кубанычтын кучагына батмак. Азыр болсо “өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” деп кыргыз калкы кабыргасы кайыша залкар уулу - Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө.


Сүрөттө солдон оңго карай отургандар: жазуучулар Ш. Бейшеналиев, Т. Сыдыкбеков. Арткы катардагы туруп тургандар: журналист П. Казыбаев, акын Ж. Турсуналиев, музыка изилдөөчү Б. Алагушов, журналист А. Иманкулов, Фрунзе, 1978-жыл
XS
SM
MD
LG