Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Барак Обама вице-президенттикке талапкер катары Жозеф Байденди тандаганы кабарланууда


Кошмо Штаттардын ар кыл маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгышы күтүлгөн Барак Обама (Barack Obama) өзүнүн вице-президенти катары Делавэр штатынан шайланган сенатор Жозеф Байденди (Joseph Biden) сунуш кылмакчы. Азырынча бул маалымат расмий тактала элек, бирок, айрым демократтардын басма сөз каражаттарына маалымдашынча, бүгүн (ишембиде) бул тууралуу Обаманын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлдөрү расмий жарыя кылышы күтүлүп жатат. 65 жаштагы сенатор Байден АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеп келет. Ал эми дүйшөмбү күнү (25-августта) Колорадо штатынын Денвер шаарында Демократиялык партиянын АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы чечүүчү курултайы болмокчу, Анда партиянын атынан президенттик жана вице-президенттик кызматтарга талапкерлер расмий көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG