Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

13:20 Жогорку Кеңештин сентябрдагы күн тартиби такталууда


Алдын ала түзүлгөн күн тартибине караганда, парламент жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы айда жалпысынан экономикалык жана социалдык мүнөздөгү 38 мыйзам долбоорун кароосу болжолдонууда. Алардын арасында биринчи окууда кабыл алынган Салык кодекси, “ Кыргызстандагы эң төмөнкү эмгек акы тууралуу” мыйзам долбоорлору бар. Ошондой эле Акыйкатчынын жылдык докладын угуу белгиленүүдө. Мындан сырткары сентябрь айында эл аралык келишимдерди ратификациялоого байланышкан 4 мыйзам долбоор, алардын катарында Кумтөр алтын кени боюнча долбоор да каралышы күтүлүүдө. Сентябрь айына белгиленген “өкмөттүк күндө” болсо депутаттар билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган гранттык каражаттардын пайдаланышы, Ысыкөл-Көл жээгиндеги санатория жана курортук мекемелердин быйылкы жайкы сезонго даярдыгы боюнча маалыматтарды угушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.(SM)

XS
SM
MD
LG