Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

КАВКАЗДАГЫ КАЙСООРУН УРУШ ЖАНА КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР


Кавказдагы беш күндүк кайсоорун уруш дүйнөлүк басылмалардын башкы темасы бойдон калууда. Көпчүлүк комментарияларда негизинен Москваны айыптаган пикирлер үстөмдүк кылат. Россиянын КМШдагы союздаштары да абдан абайлаган позицияларын билдиришүүдө.

Жума күнү Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе адамдар азыр соңку окуяларды талдап-таразалап, бүгүн Грузия “жем” болсо, эртең Польша же Чехия ушундай абалга туш болушу мүмкүн дегендей кооптонгон корутундуга келе баштаганын айтып, ракетадан коргонуу үчүн америкалык системаларды орноткону жатышканын буга далил кылып келтирди. Шеварднадзе жеке өзү бул демилгени каталык, биринчи кезекте АКШ жетекчилигинин катачылыгы деп эсептейт. “Бирок маселе мында эмес. Баары бир адамдар белгилүү бир тыянактарды жасап жатышат”,- деп айтты Шеварднадзе.

Ошондой тыянактардын бири орус журналисти Елена Трегубованын макаласында айтылат. ”Грузияга кол салып,Кремль иш жүзүндө өзүн глобалдык жаңы агрессор кылып жарыялады”,- деп жазат ал. “Жаңы агрессорго” каршылык көрсөткөнгө, журналисттин баамында, дүйнөдөгү бир да өлкө жарай албайт же каалабайт сыяктанат. “Кремль түшүнө турган жана анын агрессиясын ооздуктай алар” таасирдүү каражат катары автор Батыш өлкөлөрүн орустардын мунайынан жана газынан баш тартууга чакырат. Орус газы Германияда жалпы импорттун - 30, Францияда – 20 процентин түзөт. Орустардан газ албай койсо, Европа ошончолук деле кынжылып кетпейт, деп эсептейт Трегубова.

Автордун айтымында, Путин атантайлык менен убада кылган энергетикалык долбоорлор Батыш лидерлерин “сыйкырлап” салгандай болду. Эгер алар кара май менен “көгүлтүр отунга” азгырылбай, быйыл апрелде Грузияны НАТОго алууну чечишкенде Москванын августтун башталышындагы агрессиясы, ага чейинки тукуруктары болмок эмес, деп жазат автор.

Бирок башка бир баяндамачылар, атап айтканда, АКШда чыгуучу International Herald Tribune басылмасынын авторлору мурдагы советтик республикаларды, өзгөчө Грузияны НАТОго алуунун өзүн эч кимге кажети жок провокация деп эсептешет. НАТО-антироссиялык альянс эместигине Россияда эми эч ким ишенбейт, буга Украина менен Грузияда деле ишенгендер жок, деп белгилейт басылма.

International Herald Tribuneдин авторлору Россия Грузияга аскер киргизип, Косово үчүн Батыштан өч алды дешет. Косово алмустактан бери сербдердин жери болгон, кийин ал жерде албандар басымдуулук кылып кетишип, осетиндер менен абхаздардай эле өзүнчө мамлекет болууну көздөп калышты. Эгер Сербия Косового басып киргенде, АКШ менен НАТОнун реакциясы кандай болорун элестетип көрүү кыйын эмес эле, деп жазат авторлор. Грузия болсо Түштүк Осетияны күчкө салып каратып алууну чечип, чекилик кылды.

Айтмакчы, АКШнын Москвадагы жаңы элчиси Жон Байерли грузин аскерлери Цхенвалини аткылагандан кийинки Россиянын аракеттери “негиздүү болгонун” белгиледи. Бирок кийин орус армиясы Грузияга өтө эле тереңдеп кирип кетти.

Россиянын аракеттерине КМШлык лидерлерден бир гана белорус президенти Лукашенко кечигип болсо да колдоо билдирди. Андан мурдараак казак жана кыргыз президенттери өтө абайланган позицияларын айтышкан эле. Калгандары азырынча ак же көк деген көз карашын айтыша элек.
XS
SM
MD
LG