Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Барак Обама вице-президенттикке талапкер катары Жозеф Байденди тандады


Кошмо Штаттардагы негизги партиялардын бири - Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгышы күтүлгөн Барак Обама (Barack Obama) өзүнүн вице-президенти катары Делавэр штатынан шайланган сенатор Жозеф Байденди (Joseph Biden) сунуш кылды. Бул тууралуу Обаманын шайлоо өнөктүгүн жетектеген топ SMS текти жана интернет аркылуу бүгүн (ишемби күнү) эртең менен маалымдашты. Бүгүн кечинде (Бишкек убактысы боюнча жекшембиге караган түнкү сат 02:00де) Обама менен Байден Иллинойс штатында эл алдында чогуу чыгып, шайлоо өнөктүгүндө бири-бирине эриш-аркак күрөш жүргүзөөрүн айтаары күтүлүүдө.
65 жаштагы сенатор Байден ушул тапта АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеп келет. Ал эми дүйшөмбү күнү (25-августта) Колорадо штатынын Денвер шаарында Демократиялык партиянын АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы чечүүчү курултайы болмокчу, Анда президенттик жана вице-президенттик кызматтарга талапкерлер партиянын атынан расмий көрсөтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG