Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

ОБАМА ЖОЗЕФ БАЙДЕНДИ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТТИК ТАНДЕМГЕ ТАНДАДЫ


Кошмо Штаттардын негизги партияларынын бири - Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер катары чыгышы күтүлгөн Барак Обама (Barack Obama) өзүнүн вице-президенти катары Делавэр штатынан шайланган сенатор Жозеф Байденди (Joseph Biden) сунуш кылды. Бул тууралуу Обаманын шайлоо өнөктүгүн жетектеген топ SMS текти жана интернет аркылуу бүгүн (ишемби күнү) эртең менен маалымдашты.

Бүгүн саал кечирээк (Бишкек убактысы боюнча жекшембиге караган түнкү саат 02:00де) Барак Обама менен Жозеф Байден 47 жаштагы Обама сенатор болуп шайланган Иллинойс штатында Спрингфилд (Springfield) шаарында калайык алдында чогуу чыгып, шайлоо өнөктүгүндө бири-бирине эриш-аркак күрөш жүргүзөөрүн айтаары күтүлүүдө.

65 жаштагы сенатор Байден ушул тапта АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеп келет.

Жозеф Байден (1942-жылы 20-ноябрда туулган) - америкалык белгилүү саясатчы, сенатор, Сенаттын тышкы саясат боюнча комитетинин төрагасы, Демократиялык партиянын мүчөсү.

1973-жылы 30 жашында Делавэр штатынан сенатор болгон, ошондон бери бул штаттан Сенатка туруктуу шайланып келатат.

Жозеф Байден тышкы саясат боюнча эң тажрыйбалуу сенаторлордун бири болуп саналат. Ошондуктан Обаманын негизги атаандашы болоору күтүлгөн респбуликачыл сенатор Жон МакКейн (John McCain) мырза менен ат салышууда Обамага Байдендин тышкы саясаттагы жана коргоо маселесиндеги саясий мол тажрыйбасы кыйла огожо болоору мүмкүн.

Байден мырза адам укуктарын коргоо жаатында да өзүнүн ырааттуу күрөшкер мүнөзүн көрсөткөн саясатчы.

Байден үстүбүздөгү айдагы Орусиянын Грузиядагы аскердик өнөктүгүн өтө курч сынга алган жана 16-18-августта америкалык мыйзам чыгаруучулардын ичинен алгачкылардан болуп Грузияга келип, президент Михаил Саакашвили менен жолуккан.

Айтмакчы, Жозеф Байден эки жолу – 1988- жана 2008-жылдын башында АКШнын президенттигине өзүнүн талапкерлигин койгон.

Ал эми дүйшөмбү күнү (25-августта) Колорадо штатынын Денвер шаарында Демократиялык партиянын АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы чечүүчү курултайы болмокчу.

Анда президенттик жана вице-президенттик кызматтарга талапкерлер партиянын атынан расмий көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG