Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

18:10 Ош: Сот айыл өкмөт башчысынын үстүнөн арызданган үч жаранды айыпка жыкты


«Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдысамат Аттокуров бир катар социалдык объектилерди сатып жиберген. А түгүл кызматынан кыянат пайдаланып пара алып жатканда кармалып, үстүнөн кылмыш иши козголгон» деп ар түрдүү органдарга ушул аймактын үч тургуну жазган арыздарын Ош облустук соту атайылап беделге шек келтирүү деп баалап, бирөөнү 15 миң, экөөнү – 8 миң сомдон айып төлөөгө кириптер кылды. Бул туурасында айыпталуучулардын бири, «Мыйзамдуулукту коргоо» бейөкмөт уюмунун өкүлү Төлөгөн Жолдошев 23-августта «Азаттыкка» кабарлады. Айыл өкмөт башчысы Абдысамат Аттокуров менен сүйлөшкөнүбүздө, арыздануучулар келтирген фактылардын бири да райондук, облустук соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө далилденбегендигин, үч жердеши бирөөлөрдүн тилине кирип, ак жеринен күйүп кетишкендигин билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG