Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

АПТА ЖАҢЫРЫГЫ: САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ЖАНДАНУУСУ, НАТО-ОРУСИЯ ТИРЕШИ...


Өтүп бараткан жума оппозициялык саясий партиялардын копшолуусу, Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлеринин ачкачылык акциясын токтотуусу, Бишкекке электр энергиясын берүү чектелерин маалымдалуусу менен коштолду.

“Реформа үчүн” кыймылдын өзөгү кайра түзүлүп жатабы?

Бул жумада Кыргызстандагы негизги оппозициялык күчтөр, саясий партиялар күзгү саясий сезонго даярдана башташканын ачыкташты. 2006-жылдагы ноябрь митингиси, андан кийин Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин премьер-министрликке келиши менен ынтымагы кете баштаган “Ата Мекен” партиясы менен Социал-демократтар кайрадан тил табышып, алардын катарына “Ак шумкар” партиясы да кошулууга дилгир экенин көрсөттү. Муну менен 2006-жылы эң таасирлүү күчкө айланган “Реформа үчүн” кыймылдын негизи кайрадан түптөлө баштадыбы деген суроо кошо жаралууда. Бул үч партиянын лидерлери азыркы кезде октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо, күзгү саясий сезондо бирге болууну макулдашууда. Ал макулдашуу анча алыс эмес калган, 2010-жылы боло турган президенттик шайлоонун алдында эмне болот? Муну болжоп атуу кыйын. Анткени үч партиянын лидерлеринин президенттик, бери болгондо эле премьер-министрлик дымактары баарына маалым.

“Ата Мекен” жана Социал-демократиялык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоо бирге барууну сүйлөшкөнүн СДПнын лидери Алмазбек Атамбаев ачыктады:

- Биздин партия да тийиштүү даярдыктарды көрүп жатат. Райондордо, облустарда ушул айдын ичинде партиялык конференциялар болуп, ошондо талапкерлерди көрсөтүү чечилет. Менимче, (оппозициялык партиялар) биргелешип эле иштешип, талапкерлерди биргелешип көрсөтөт го, бири-бири менен талашпай. “Ата Мекен” партиясы менен ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз.

Бул маалыматты “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да тастыктап, ал жетектеген партия Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына 20нын тегерегинде талапкер көрсөтүүнү көздөп жатканын белгиледи:

- Биз 15-20дай талапкер көрсөтөбүз деп турабыз. Бизден башка дагы оппозициялык маанайдагы партиялар шайлоого катышат. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер бир нече партия талапкерлерин коюп катышса, биз бирдиктүү штаб түзүп, шайлоо убагында мыйзамдардын сакталышын, шайлоонун адилет өтүшүн көзөмөлдөөгө чогуу аракет кылабыз. Шайлоо адаттагыдай эле административдик ресурстун, капиталдын кысымында өтөт. Өзгөчө Бишкек шаарында. Борбордо акыркы үч жылда беш-алты мэр алмашты. Ошолордун баары Бишкектин карапайым патриот тургуну болбостон, Бишкектин эле эмес Кыргызстандын эң бай адамдары болуп олтурат. Шаардык кеңешти деле карасаңыз бай адамдардан куралган. Биз мына ушул салтты жок кылышыбыз керек. Ошондуктан биз көрсөткөн талапкерлердин 80-90% карапайым адамдар, мугалимдер, дарыгерлер, студенттер жана жалданып иштеген кызматкерлер. Биздин күткөнүбүз, бул шайлоодо акчанын күчү, бийликтин күчү эбегейсиз пайдаланылат.

Социал-демократиялык жана “Ата Мекен” партиясы жакындашуусуна “Ак шумкар” партиясы да кошулганы айкын болууда. Бейшемби күнү “Ата мекен” партиясынын лидерлери менен “ Ак шумкар” партиясынын лидерлери чогулуп, биргелешип аракеттенүүгө макулдашты.

Бул партиялар кирген “Акыйкат үчүн” кыймыл жума күнү чогулуп, Коомдук парламенттин ишин жандантуу, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо оппозициялык партияларга жардам берүү маселелерин талкуулады. “Акыйкат үчүн” кыймылы өлкөдөгү абалды системдик кризистин тереңдеп баратышы катары баалады.

Оппозициялык күчтөр мына ошентип, борбордо копшоло баштаган чакта “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү, парламенттин төрагасы баш болуп түштүк регионду кыдырып чыкты. Бул кыймылдардын баары күзгү саясий сезондун, күрөштүн башталганынан кабар берип турат.


Кавказ чатагы Кыргызстанда кандай жаңырат?


Ички саясий күрөш кайрадан жандана баштаган тышкы саясатта- түйшөлүүнү жарата турган шартта түзүлө баштады. Ал Кавказ чатагына байланыштуу болуп, глобалдашкан дүйнөдө кичинекей жердеги чатак жалпы дүйнө саясатына таасир этет деген жүйөөнү тастыктагандай болуп турат.

Белгилүү болгондой Грузия согушуна байланыштуу Москва менен Батыштын чатагы ырбап, Россия НАТО менен кызматташуусун токтотконун жарыялады. Батыш менен да, Россия менен да байланышы бар, ал эмес экөөнүн кайсы бир деңгээлде теңтайлашкан аскерий базалары бар Кыргызстанга түзүлгөн бул кырдаал өз таасирин тийгизери айтылууда. Кавказда кызыкчылыктары карама-каршы келген АКШ менен Россиянын кызыкчылыктары Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да кагылышып, Бишкек үчүн оор тандоо келип чыгыш ыктымал.

Антип боологолоого негиз бар. Белгилүү болгондой Россия менен Кытай АКШнын Манастагы базасын чынгарууга мурдатан эле кызыкдар болуп келет. Маселен, Россия менен Батыштын мамилеси мынчалык бузула элек убакта эле, 2005-жылы Шанхай кызматташуу уюмунун Астана саммитинде “АКШнын базасын Манас аба майданынан чыгаруунун датасын аныктоо” талабы Кыргызстанга коюлган. Эми Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммитти 28-августа Тажикстандын борборунда болот. Ал Батыш менен Россиянын мамилеси курчуп турган убагына дал келүүдө.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Дүйшөмбү шаарындагы саммитте көп нерсе аныкталат деген пикирде:

- Келе жаткан жумада Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун жыйыны болот. Ошол жерде президенттер чогулганда маселе кабыргасынан коюлат го деп ойлоймун. Анткени Кыргызстан ШКУга кирген өлкө катары орто жолдо жүрө бербейт. Албетте, бир жээкке барыш керек, бир жагын колдош керек болуп калат. Ошондуктан ШКУнун чечимин күтүш керек. Мен ойлоймун, азыркы түзүлгөн кырдаал убактылуу эле болуш керек. Анткени Түштүк Осетиядагы болгон окуяда бир жагынан Россия менен АКШнын кызыкчылыгы кагылышты. Экинчи жагынан ШКУ менен НАТО эки тарап болуп жатат, - деген Ниязов Дүйшөмбүдөгү саммите Манастагы АКШ базасын чыгаруу талабы кайрадан көтөрүлүш ыктымалдыгын белгиледи:Андай суроо коюлушу ыктымал. Бирок бул маселени менин оюмча, геосаясатты карап, жалпы саясий кырдаалды байкап, бир учурду эле эске албай, бир эле учурду пайдаланбай, жалпы дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясатты караштырып, ага жараштырып чечим кабыл алыш керек. Анан жөн эле карама-каршы болуп, таарынгансып эле кеткиле деген бул туура эмес.

Ниязовдун пикиринде, АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын Ооганстандагы күрөшү Кыргызстан, Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн пайдалуу. Аны унутпаш керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда эки базанын баланс катары тууруусу жакшы деп эсептейт:

- Бул кырдаалдын түзүлүшү жакшы болду. Мына ушул балансты сактап турушубуз керек. Бирөөн чыгарсак эле баланс бузулуп калат. Ал (АКШ базасы) база чыкса чыгып кетет. Казакстан менен кошумча келишими бар. Алма-Ата, Чимкентке базаны которуп кетиш жеңил эле. Тажикстан кабыл алууга даяр, араң эле турат. Тажикстанда деле Франциянын базасы турат го. Ал эмнеге айтылбайт? Өзбекстандын Термезинде да база турат. Ошентсе да эл аралык саясатты кыйратып жүргүзүп жатабыз дегендин сыноосу эми келди. Анан ушул сыноодон татыктуу чыгып кетишибиз керек. Ошон үчүн биз азыр экөө менен тең эле мамилени бузбай турганыбыз жакшы.

Ошентип, Дүйшөмбү саммитинде, же күзүндө Бишкекте боло турган КМШ, Жамааттык коопсуздук келишими уюму саммитинде АКШнын базасын чыгаруу талабы Москва тарабынан коюлуп, Кыргызстан эки оттун ортосунда калышы ыктымал. Кыргызстанга Россиянын да таасири күчтүү. Ошол эле мезгилде Батыштан 2 миллиард доллар карызы, көп тармакты камтыган программалар, кызматташуулары бар. Кыргызстан Москва сыяктуу Батышка кол шилтеп кете албайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG