Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Обама Жо Байденди тандемге тандаган чакта, демократтар өз курултайына камынууда


АКШдагы ири партиялардын бири - Демократиялык партиянын мүчөлөрү эртең (дүйшөмбүдө) Денвер шаарында өз курултайына чогулуп, партиянын атынан президенттикке жана вице-президентикке талапкерлердин ысымдарын расмий жарыялашмакчы. Ал эми ишембиде болсо президенттикке талапкер катары чыгаары күтүлгөн сенатор Барак Обама (Barack Obama) демократ сенатор Жозеф (Жо) Байденди (Joseph/Joe Biden) өзүнүн вице-президенти катары тандаганын жарыялады. Эки саясатчы тең Обама шайланган Иллинойс штатында Спрингфилд (Springfield) шаарында калайык алдында чыгып сүйлөштү. 35 жылдан бери сенатордукту аркалаган тажрыйбалуу саясатчы Байденди Обама баскан өмүр жолу менен өзүнүн эң мыкты адам экенин айгинелеген чынчыл инсан катары мактоого алды.

XS
SM
MD
LG