Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Франция менен АКШ Орусияны Грузиянын Поти шаарынан чыгып кетүүгө чакырды


Фрация менен АКШ өкмөттөрү расмий Кремлди өз аскерлерин Грузиянын порт шаары Потиден жана башка грузин аймактарынан толугу менен чыгарып кетүүгө үндөөдө. Француз президенти Никола Саркози орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага Орусиянын аскерлерин Грузиядан чыгара баштагандыгы үчүн ыраазылык билдирип, бирок орус аскерлери Поти жана Сенаки шаарларынан да чыгарылышы керектигин эскертти. Саал мурдараак Орусия өз аскерлерин Поти шаарында калтыра тургандыгын билдирген, бирок бул шаар орусиялык бейпилдик күчтөрү КМШдан мандат алып жайгашкан деп Маскөө айтып келген коопсуздук аймактарынын чегинен сырткарыда турат.

XS
SM
MD
LG