Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

ЭЛ ҮНҮ: АЙДООЧУЛАР КӨЙГӨЙҮ, КЫМБАТЧЫЛЫК...


Бул жолу “Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна кайрылгандар Архитектура мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун төрт айдан бери камакта жатышы, ага байланыштуу ачкачылык акциясынын уюштурулушу, МАИ кызматкерлеринин иш-аракеттери, күзгү оруп-жыйуунун начар болуп жатканы, баалардын кымбаттыгы, желкелеп турган энергетикалык кризис тууралуу ой-пикирлерин айтышты.

Нарын районуна караштуу Ак-Кыя айылынын жашоочусу Муканбет Смакеев “Эл үнүнө” кайрылып, иче турганга таза суу жок болуп жатканын, дегеле сугат суулары да жетишпей, суу сактагычтар оңдолбой толуп калгандыктан талаларга суу жетпей жатканын айтты.

Ал эми Нарын шаарынын тургуну Абдразак Шерманбетов болсо, Архитектура мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков ушул убакка чейин күнөөсү далилденбей камакта жатканына нааразы болуп, Нарын шаарында ачкачылык жарыялап тургандар айласы жоктон ушундай кадамга барышканына токтолду.

Дагы бир Болотбек Сурапов аттуу жаран “Эл үнүнө” кайрылып, жалпы кыргыз элин биримдикке чакырып, улам бир акылдуу жигиттерди жок кылып же камап салбай, тескерисинче аларды колдоп, билимдерин пайдаланып, ынтымактуу болууга үндөдү.

Карагул Иманакунов аттуу Нарын шаарынын тургуну да “Эл үнүнө” кайрылып, Ишенбай Кадырбековдун иши боюнча губернаторду орун басарына кирүүгө аракет кылышканын, акыры анын кабылдамасына киришкенин жана ал келгендерди жылуу кабыл албаганын айтып нааразы болду.

Ошондой эле бир катар айдоочулар МАИ кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдиришти. Болотбек Жумалиев аттуу айдоочу жаңы мыйзам чыкканын айтышып, МАИ кызматкерлери айдоочулардан көп акча алып жатышканын айтты. Нарын облустук мамлекеттик авто инспекциясынын ага инспектору Талан Бакиров айдоочулардын кинелерине жооп кылып, азыркы тапта авто инспекторлор айдоочуларга ордунда айып салууга жана ошол жерде акча алууга укуктары жоктугун, андай учурлар болсо айдоочулар арыздануучу керектигин, жол эрежелери бузулса административдик протокол түзүлөөрүн айтты.

Ошондой эле айыл-чарба продукцияларынын кымбаттыгы, күзгү оруп жыюу тууралуу ой-пикирин билдиргендер бар. Чүй облусундагы Маевка айылынын тургуну Абдыкасым Анарбаевдин айтымында, айыл-чарба продукциясынын баасынын бир орунда турбай жатканы дыйкандарды кыйнап жатканын айтат. Ал эми Сокулук районунун тургуну Өндүрүш Токтоназаровдун пикиринде, азыркы тапта айыл жергесинде мал багууга өзгөчө көңүл бурулууда. “Мурда СССР урагандан кийин элдин көбү шаарга агылса, азыр алар айылга кайтып, мал багуу керектигин, жер иштетүү керектигин түшүнүп калышты”,- дейт Ө.Токтоназаров.

Андан тышкары “Эл үнүнө” кайрылгандардын арасында Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу кеп козгогондор бар. Бишкек шаарынын тургуну Гүлсара Арзыматованын айтымында, Грузиянын КМШнун курамынан чыгып жатканы көп нерседен кабар берип турат. Анын пикиринде, Кыргызстан көп кырдуу саясат жүргүзүшү, өнүгүү үчүн балким КМШдан да чыгуусу керек.

Анын ой-пикирине жооп кылган белгилүү саясий ишмер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, эркиндик алабыз деген чечендерди кырып таштаган орустардын жоругун унутпаш керек. “Бул чоң аюудан биз абайлап жашашыбыз керек. Алар бөлүнөбүз деп чыккан чечендердин 300 миңин кырып салышты. Эртең ошол сыяктуу эле мамилени орустар Казакстанга же Кыргызстанга да жасашы мүмкүн. Мен азыр абалыма байланыштуу биздин бийликти сындай албай атам. Биздикиндей чакан мамлекет тиягына да кошулбай, биягына да кошулбай, унчукпай, өз оокатын кылып, алына жараша иш кылышы керек”,- дейт саясатчы.

XS
SM
MD
LG