Бээжиндеги XXIX олимпиаданын жабылыш салтанатынын алгачкы бөлүгү зор уюшкандыкта жана жогорку көркөмдүк деңгээлде өттү. Мындай көпчүлүк катышкан искусствонун бардык түрү менен чагылдырган оюн-зоок бир дагы мамлекетте жасалбаса керек, деп билдирди Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер-коюуучу Аким Текешов “Азаттыкка”. Бээжиндеги Олимпиаданын жабылыш салтанаты Улуттук биринчи каналдан түз алынып көрсөтүлдү. Бул спорттук Олимп оюндарына Кыргызстандан 20 спортчу катышып, грек-рим күрөшү боюнча Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медаль жеңип алышып алар менен кошо 13 спортчу буга чейин Бишкекке келишкен. Кыргызстандык дагы жети спортчу жана делегация 27-августта мекенине келишет. Олимпиада оюндарында биринчи орунда Кытай Эл Республикасы 51, экинчи АКШ 36, үчүнчү орундагы Орусия 23 алтын медалга татыктуу болушту. Борбор Азиядан Казакстан 2 алтын медаль менен 29-орунда, Кыргызстан 1 күмүш, 1 коло медаль менен 63-орунду алды. Эми 2012-жылдагы Олимп оюндары Лондон шаарында өтө турган болду. (AJ)