Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ОРУСИЯ-ГРУЗИЯ ЧАТАГЫНА САРЕСЕП


“Азаттыктын” бул жолку талкуусунда Орусия-Грузия чатагына Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин бул чатакка болгон мамилеси жөнүндө кеп кылабыз. Талкууга Өмүрбек Абдрахманов Оштон, ал эми “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Зайнидин Курманов катышмакчы.

Б.Ш. - Аликбек мырза, бул чатакка Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги салкын суз мамиле кылышты. Жадагалса Орусиянын өтө жакын союздашы Белорусия дагы өз мамилесин маалкатып атып өтө кеч билдирди. Мындай салкын суз мамиленин негизги себеби эмнеге байланыштуу болду?

А.Ж. – Бул жерде бардык КМШ мамлекеттерине биринчиден маалымат убагында жеткен. Экинчиден, мындай конфликт СССР урагандан кийин, Армения менен Азербайжанды айтпай эле коелу, КМШ аймагында дүйнөдөгү глобалдуу саясий оюнчулар катышкан кагылышуу болду. Ошон үчүн КМШ мамлекеттеринин жетекчилери кайсы тарапты колдоорун билбей калды.

Б.Ш. - Анда кепти Өмүрбек мырза сизге берсек. Чын эле ошол маалыматтын убагында жетпей калгандыгынан ушундай болдубу, же чын эле ортодогу бир принцип элеби?

Ө.А. - Орусия Грузиянын Түштүк Осетия аймагына тынчтык үчүн деп киргизилген. Тынчтык жаратпай эле алар курал-жарактарды таратып жатып албыдыбы. Өзүнүн милдетин туура эмес аткарып, Осетия менен Абхазияны бөлүп, өзүнө кошуп алуу аракетин жасады. Бул согушка бир чоң себеп болду. Дагы бир себеп – бул КМШга демократиялык маанайды дегеле жолотпош керек деген. Грузия менен Украинага абдан каршы болуп аткан себеби ошол. Эми Украинага көп алы жетпейт экен, 50 млн. элди жутуп ийиш кыйын. Ал эми кымындай, тырмактай болгон Грузияны басып жатып калганы ошол.

Б.Ш. - Зайнидин мырза, сиздин пикир кандай ушул маселе боюнча?

З.К. – Абхазия менен Осетияда 350 миң адам жашайт экен. Албетте бул эки регион көз карандысыз болуп кетсе, андан кийин Орусияга кошулуп кетсе, Грузия аймагынын үчтөр бир бөлүгүнөн айрылып калат. Ошон үчүн грузиялык саясатчылар аракеттенип атат. Биз да ошону түшүнүшүбүз керек тигил же бул мамлекеттердин оюна кошулбай. Анткени Кыргызстанда балким ошондой маселе чыгып калышы мүмкүн. Ошон үчүн Кыргызстан дагы, башка мамлекеттер дагы бул маселени терең салмактап, баа бергенге аракеттенип атат. Анткени экинчи жагынан илгерки замандан баштап эле Грузияда улутчул өкмөт бийликке келип, көп улуттун ортосундагы жакшы мамилени бузуп жиберген. Үчүнчү себеп, Грузия кедей мамлекет. Орусияныкындай мүмкүнчүлүгү жок. Ошон үчүн жөнөкөй, карапайым эл Орусияны карап калган. Төртүнчү маселе мен айтышым керек, КМШ мамлекеттеринин ичинде биримдик жок. Жарымы Европаны, Американы карайт, жарымы болсо Москваны карайт. Саясат өзүнчө ошондой түзүлүп калды. Ошон үчүн Москваны карагандар Грузияны жакалап атат, Европа менен Американы карап аткандар Москваны жакалайт. Ошол эки тараптын ортосунда Кыргызстан мен ойлоп атам, улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, биздин тышкы саясаттагы концепциябызды сактап, көп тармактуу саясатты кармаш керек болуп атат.

Б.Ш. - Аликбек мырза, ушул эле суроо. Себеби Казакстандын президенти акыйкаттык ортодо болушу мүмкүн деп айтты. Себеби Грузия тарап дагы, орус тарап дагы өзүнүн болгон чындыгын айтып атат. Сиздин оюнузча КМШ өлкөлөрүнүн салкын суз мамилесине эмне себеп болду. Өздөрүнүн ичиндеги улуттук маселеден улам ушинтип атышабы?

А.Ж. - Бул маселени бир тараптуу айтканга болбойт. Эгер улуттук маселени карасак дагы осетин, абхаз, грузидердин ортосунда 1990-жылдан бери конфликт бар, буга чейин 3-4 жолу болгон ушундай чабыштар. Бир нерсени айтып коюш керек, Орусиянын курамына осетиндер Грузияга караганда 25 жыл мурун кирген. Андан кийин грузиндер кошулган. Бул өтө татаал маселе, айтып атпаймынбы, бул кичинекей жана чоң улуттардын арасындагы маселе. Экинчи жагынан Грузия эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактап калыш керек. Менин оюмча, Кыргызстан абдан кылдат караш керек. Бир четинен КМШ мамлекеттердин арасында, ОДКБнын арасында, ШКУнун ичинде дагы биз Орусия менен аябай тыгыз кызматташабыз. Милдеттемелер бар, ошол милдеттемелерди аткарышыбыз керек. Же болбосо БУУнун мүчөсү катары өз пикирибиз болушу керек. Бул жерде жалаң Кыргызстан эмес, мына бизден чоң Казакстан, башка мамлекеттер дагы баарын эгер карап көрсө, абдан кыйын болду. Бирок мен ойлойм, Грузиянын жетекчилери чоң ката кетирди. Булар Цхинвалидеги жөнөкөй адамдарга зыян келтирип, бомба, граната таштап, ушул жагынан чоң кемчилик кетирди. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бул жерде кыйын. Андан тышкары бул жерде Грузия -Осетия, же болбосо Грузия -Орусиянын ортосундагы конфликт эмес. Бул чоң конфликт. Дүйнө жүзүндө эки концепция бар, бир жактуу дүйнө, экинчиден, көп жактуу дүйнө. Ушул маселени караганда азыр ушул эки концепция күрөшүп атат. Бир жактуу дүйнө Америка баш болгон, ошолор биз башкарабыз дешет. Башка мамлекеттер дагы өз аракетин жасап жатат. Ошон үчүн бул жерде факторлор абдан көп. Менин оюмча Кыргызстандын эң негизги тышкы саясаты көп тараптуу дипломатия деп жазганбыз, тең салмактуу деп жазганбыз. Бул бекеринен эмес да. Азыркы күндө Америка, Орусия, Еврошаркет, Кытай, Жапония ар кандай күчтөр активдүү саясатын, экономикалык кызматташты кызыкдар болуп жүргүзгөнгө аракет кылат. Ушул маселе боюнча абдан кылдат, тең салмактуу болуп, дүйнө жүзүндө өз ордубуз болуш керек. Эгер ошондой орунду тапсак анда биз мамлекет катарында, эл катарында сакталып, өнүгүп өсөбүз.

Б.Ш. - Өмүрбек мырза, Түштүк Осетиянын элине Грузин аскерлери чоң бүлүк салды, ошондон улам жаңжал аябай күчөп кетти деген ой айтылып атат. Сиздин пикириңиз кандай?

Ө.А. – Менин пикирим Жекшенкуловдун оюна таптакыр каршы. Анткени Жекшенкулов дүйнөнү бир жактуу жана көп жактуу деп бөлүп таштады. Андай болуп дүйнө бөлүнбөйт. Дүйнө деген цивилизациясы бар мамлекеттер жана варварлар деп бөлүнөт. Мына биз ошол варварлар тарабына кирип атпайбызбы. Эмне үчүн варварлар деп айтылат. Анткени ал жерде шайлоону бир адам өткөрөт, каалагандай парламентти, сотторду өздөрү дайындап алат. Бардык чоңдорду “вертикаль власти” демиш болуп бүт барын өздөрү дайындайт. Бул мурдагы КПССтен эч айырмасы жок, варвардык мамлекеттер деп ошон үчүн аталат. Мына орустар өздөрү эркиндикке чыгалы деген Чехияны, 300 миң кишини 10 жылда кырып бүтүштү. Бул геноцид эмеспи? Анан кийин башка мамлекетке бөлүнсө болот экен, ал эми Орусиядан бөлүнсө болбойт экен. Эртенки күнү ошондой эле проблеманы Орусия мамлекети Казакстанда жасашы мүмкүн орустарды бөлүп алабыз деп, ошондой эле Кыргызстанга жасашы мүмкүн, тегерегиндеги мамлекеттерге жасашы мүмкүн. Мына Молдавияга да жасап атат.

Б.Ш. - Зайнидин мырза, улуттук маселе чын эле актуалдуу үчүн орус-грузин чатагына салкын-суз мамиле жасалды деген ой айтылды. Сиздин пикириңиз кандай?

- Советтик Союз биригип совет эли пайда болду деп канча дүңгүрөгөнбүз. Мына 2-3 жылдын ичинде бардыгы талкаланып, 15 мамлекетке бөлүнүп кеттик. Бул маселе ошону менен бүтөт деп ойлобойм. Балким убакыт келсе Кытай да ошентип бөлүнүп кетиши мүмкүн. Ал жерде да жүзгө жакын улуттар бар. Орусия деле Татарстан, Башкырстан дегендер бар. Америка дагы бөлүнүшү мүмкүн башка мамлекеттерде деле ошондой маселе болуп атат. Чех менен словактар кандай биримдикте жашашчу, бирок бары бир ажырашып кетти, ар бирөө өз жолуна ээ болду. Жалаң гана күчкө таянып, грузиялыктар жасагандай болбойт. Эми бул саясаттан кийин осетин, абхаздар менен грузиндердин жашоосуна мүмкүнчүлүк барбы, же жокпу деген. Алдыңкы 20-30 жылда жол жабылып калды чынын айтканда. Бул маселени Саакашвили чечпесе да, Саакашвилиден кийин 10-20 жылдан кийин келген президенти балким чечкенге мүмкүнчүлүгү бар болуш керек. Бирок эки тараптан аракеттениш керек. Анткени бул процесс такыр чечилбей жатат. Анткени эч ким көңүл бурбай жатат. Ар бир улуу мамлекеттер өз кызыкчылыгын мындай темп менен, агресивдүү орун менен сактаса анда биз эки чоң мамлекеттин ортосунда кайра эле жем болуп калабыз.

Б.Ш. - Аликбек мырза, жагдайдан чыгуунун жолу эмнеде деп ойлойсуз азыр?

А.Ж. - Өмүрбек байке айтып кетпедиби, сиз туура эмес түшүндүңүз, мен айттым көп тараптуу жана бир тараптуу саясат деп. Негизинен мен ойлойм, азыр дүйнө жүзүндө ушундай чоң процесстер кетип атат, дүйнөлөшүү деген термин. Эми коопсуздук маселеси боюнча да дүйнөлөшүү кетти. Ушул маселе Ооганстандан башталды эле, эми Иракка өттү. Азыр болсо КМШнын чегарасына келди. Бир тарап күнөөлү, бул жак күнөөлү деген туура эмес. Өзүңөр билесиңер, мисалы, Америкада ар кандай күчтөр бар. Мен таң калдым, жакында Бжезинский дагы бүгүнкү администрацияны абдан сындаптыр. «Улуу шахматтык доска» деген китеп жазган билесиздер 20 жыл мурун. Ошол китебинде Кавказ менен Борбордук Азия бул чатактын башы болушу мүмкүн деп ошол жерде эле айтып койгон. Ошол үчүн мен ойлойм, бул жерде биз кичинекей мамлекеттер, кичинекей улуттар өзүбүздү сактап калыш үчүн, Зайнидин досум айткандай, көп тараптуу, салмактуу болуш керек. Анан Орусия менен Американы бул жерде айтыш керек да. Бизди чоң мамлекеттер алдабаш керек, жардам берсе жардам бериш керек, колдосо колдош керек. Кээде бизге майда-чүйдө берип коюп 20 уйга окшогон, анан кыргыздарды жыргатып атабыз деп кээде алдап коёт, же болбосо кедейлерге 2-3 гумжардам берип коёт, аны пияр кылып телевизордон көрсөтүп, алдап коёт. Биз алданбашыбыз керек. Биз Кыргызстандын патриоту болуп, улуттук кызыкчылыкты көздөсөк, ошондо туура чечимге келебиз.

Б.Ш. - Өмүрбек мырза сиздин пикириңиз кандай?

Ө.А. – Түндүк Корея болуп, бардыгы Грузиянын эгемендүүлүгүн колдоп чыкты. Мен дагы Грузиянын эгемендигин колдогон адамдардын катарына кирем.

З.К. – Абхазия менен Түштүк Осетия качан эгемендүү мамлекет болот? Анын эгемендигин Грузия тааныгандан кийин. Ансыз болбойт. Ошону биз бардыгыбыз билип, түшүнүшүбүз керек. Андай болбосо бир жакту Абхазия, же Осетияны жөн эле эгемендүү жасап коюп, анан кийин өзүнө кошуп алса, анда Эл аралык укук ошол мезгилден баштап бузулуп кетет. Андан кийин тартип жоголот. Ошон үчүн андай жолго барбашыбыз керек, бирөөнүн колунда оюнчук болбошубуз керек. Элди алдабаш керек, туура айтат Алик. Эл саясатчылардын колунда оюнчук болбосун.

А.Ж. – Биз кичинекей чакан мамлекет болгондон кийин абдан калыспыз бардык тараптан - экономикалык, коопсуздук, саясий жактан. Эмне үчүн Косовону дүйнө жүзү бүгүн тааныды? Косовону тааныбаш керек болчу анда. Бул жерде көп жагын караш керек. Мен бүгүнкү күндө бир тараптуу колдогон жокмун. Мен айтып атам, баарын салмакташ керек. Ошон үчүн мен ойлойм бул жерде бирөөнү күнөөлөгөнгө негиз жок.

Талкууну уюштурган Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG