БИШКЕК. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаровго берген маалыматы боюнча, кыйраган “Боинг-737” учагынын кыйрандылары арасынан түнкү саат 02лерге карата каза болгондордун сөөктөрү жыйналып бүтүп калды. “Алдын ала маалыматтар боюнча жыйырмадай адам аман калган, так маалыматтар эртең менен чыгат”, - деди министр. Анын маалыматы боюнча, Кытай, Канада, Казакстан, Иран жана Кыргызстандын жарандары жүргүнчү болушкан. Учак 1979-жылы заводдон чыккан, ал дагы, экипаж дагы Кыргызстандыкы. (КО)